Кендирбаева: Мектеп психологдоруна каражат бөлүндү
Кыргызстандагы мектептерге психологдорду тартуу үчүн каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева парламенттин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.
Маселени депутат Нуржамал Торобекова көтөрүп, мектептерди психологиялык жардам көрсөтө турган адистер менен камсыз кылууну сунуштады.
Анын айтымында, көптөгөн балдар жеке көйгөйлөрү, стресс же буллинг тууралуу ата-энесине айтууга даяр боло бербейт. Ал эми мектеп психологу менен мындай маселелерди ачык сүйлөшө алышат.
Депутат шайлоочулар менен жолугушууларда балдарга кесипкөй психологиялык жардам көрсөтүлүп, анын натыйжасында айрымдары кыйынчылыктарын жеңип, окуусун уланта алган учурлар айтылганын белгиледи.
Торобекова бардык мектептерди психологдор менен камсыз кылууну, эгер бул мүмкүн болбосо, бир адисти бир нече мектепке бекитүүнү сунуштады.
Өз кезегинде Догдуркүл Кендирбаева бул максаттарга керектүү каражат каралганын билдирди.
Министрдин айтымында, психологдордун зарыл саны мектептердеги окуучулардын санына жараша аныкталат. Учурда мектеп психологдоруна коюлган квалификациялык талаптарды тактоо жана текшерүү боюнча да иштер жүргүзүлүүдө.