Керектөө кредитинин шарттарын жана жоопкерчилигин билүү зарыл

14-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 132

Азыркы учурда кредит кадимки финансылык инструмент болуп калды. Тиричилик техникасын сатып алуу, оңдоо, билим алуу, дарылануу же башка ири чыгымдар – мындай керектүү буюмдарды көп учурда узак мөөнөткө калтырбай карызга алынган каражаттарга сатып алууга же сарптоого мүмкүндүк берет.

Ошол эле учурда, кредит — бул, адатта, пайыз же кошумча акы төлөө менен кайтарылып берилүүчү акча. Ошондуктан, канча акча алууга болорун гана эмес, ай сайын канча төлөөгө туура келерин жана акырында кредит канча акчага айлана тургандыгын алдын ала түшүнүү маанилүү.

Кыргызстанда керектөөчү кредити боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын «Керектөөчү кредит жөнүндө» Мыйзамында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген. 2026-жылы Улуттук банк жаңы Мыйзамды эске алуу менен өзүнүн талаптарын кайра карап чыккан.

Төмөндө, кредит алуудан мурда адам билүүгө тийиш болгон маанилүү маалымат келтирилген.

Керектөөчү кредити деген эмне?
Керектөөчү кредити – бул, жеке адам ишкердик жүргүзүү максатында эмес, жеке өзүнүн, үй-бүлөлүк же тиричилик максаттарында алган кредит же ислам принциптерине ылайык каржылоо.

Керектөөчү кредитине ошондой эле товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү кредитке же бөлүп төлөө шартында сатып алуу да кирет, мында алардын наркы кредитордун каражаттарынын эсебинен төлөнөт, ал эми зайымчы аны кийин бөлүп төлөйт.
Ошол эле учурда, эгерде келишимдин шарттарында каралган болсо, кредит пайызсыз же кошумча акы алуусуз берилиши мүмкүн.
Эң башкысы – кредит чындыгында канча тураарын билүү.

Кредитти тандоодо адам көбүнчө пайыздык ченге жана ай сайын төлөнүүчү суммага көңүл бурат. Бирок, кредиттин чыныгы наркын түшүнүү үчүн бул эки көрсөткүчтү билүү аз.

Ошондуктан, мыйзамда керектөөчү кредитинин толук наркы деген түшүнүк каралган.
Анда зайымчынын кредитти алууга жана тейлөөгө байланыштуу чыгымдары акчалай көрсөтүлгөн. Кредиттин шарттарына жараша, ага кредитке байланыштуу пайыздар же кошумча акылар, камсыздандыруу чыгымдары, нотариус кызматтары, мамлекеттик алымдар жана мыйзамда каралган башка милдеттүү төлөмдөр кириши мүмкүн.
Жөнөкөй тил менен айтканда, зайымчы келишимге кол коюудан мурда алып жаткан сумманы гана эмес, кредитке байланыштуу чыгымдарды да билиши керек.

Дагы бир маанилүү көрсөткүч – бул жылдык эффективдүү пайыздык чен. Ал кредитти алууга байланыштуу төлөмдөрдү эске алуу менен кредиттин наркын салыштырмалуу жылдык көрсөткүчтө баалоого мүмкүндүк берет.
Ошондуктан, ар бир финансылык уюмдун сунуштарын салыштырып жатканда бир эле учурда бир нече көрсөткүчтөргө көңүл буруу керек: пайыздык чен, кредиттин толук наркы, эффективдүү пайыздык чен, ай сайын төлөнүүчү сумма жана жалпы төлөмдөрдүн суммасы.

Жарнамада айтылган төмөн пайыздык чен зайымчы үчүн эң эле артыкчылыктуу дегенди билдирбейт.

Кредит боюнча канча пайыз чегерилиши мүмкүн?
Мыйзамда керектөөчү кредити боюнча номиналдык пайыздык чендин жогорку чеги белгилеген — күнүнө 0,08 пайыздан ашпоого тийиш.

Ошол эле учурда, пайыздар негизги карыздын азайып бара жаткан калдыгына чегерилет. Башкача айтканда, кредит төлөнгөн сайын, пайыздар чегерилүүчү карыздын суммасы азаят.

Бөлүп төлөө үчүн да өзүнчө эрежелер каралган. Эгерде, бөлүп төлөө пайызсыз деп жарыяланса, товардын, жумуштун же кызматтын баасы толук бир жолку төлөм баасынан жогору болбошу керек. Эгерде, бөлүп төлөөдө баа жогоруласа, мындай жогорулоо кошумча акы катары эсептелип, ошондой эле белгиленген чектөөлөргө кирет.

Эмне үчүн банк киреше жана башка кредиттер жөнүндө маалыматты талап кылат?
Айрым учурларда зайымчы киреше жана учурдагы кредиттер жөнүндө маалымат берүү ашыкча формалдуулук деп эсептеши мүмкүн. Чындыгында, бул маалымат жаңы ар айлык төлөмдү төлөө мүмкүнчүлүгүн баалоо үчүн керек.
Бул үчүн карыздык жүгүнүн көрсөткүчү (ПДН) колдонулат. Ал адамдын карыздык төлөмдөрүн анын кирешеси менен салыштырууга мүмкүндүк берет.

Улуттук банк зайымчынын кирешесине жана кредит боюнча төлөмдөрүнүн катышына карата талаптарды белгилейт.
Банктар үчүн төмөнкү чектүү маанилер колдонулат: орточо айлык кирешеси 1000 эсептик көрсөткүчтөн аз болгондо, керектөөчү кредити боюнча төлөмдөр кирешенин 50 пайызынан ашпоого тийиш; кирешеси 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин болсо – 60 пайыздан ашпоого тийиш; кирешеси 2000 эсептик көрсөткүчтөн жогору болсо – 70 пайыздан ашпоого тийиш.

Мындай ыкманын мааниси — адам канчалык максималдуу сумманы кредитке ала аларын аныктоо эмес, кредиттин суммасы анын мөөнөтүнө, ченине, мурдагы милдеттенмелерине жана башка шарттарга жараша болот. Эң башкысы – кредит алгандан кийин зайымчынын кирешеси карыздык төлөмдөрдү төлөө мүмкүнчүлүгүнө дал келүүгө тийиш.
Ошондуктан, эгерде финансылык уюм кардарга керек болгон суммадан аз сумманы сунуштаса, анын себептеринин бири анын карыздык жүгү болушу мүмкүн.

Зайымчы үчүн да ПДН пайдалуу багыт болушу мүмкүн. Мында, зайымчы жакын арада төлөнүүчү сумманы төлөй алабы же жокпу эле эмес, ошондой эле үй-бүлөнүн негизги чыгымдарына зыян келтирбестен, кредитти бүтүндөй колдонуу мезгилинде үзгүлтүксүз төлөй алабы же жокпу, мына ушул учурду баалоо абдан маанилүү.

Келишимге кол коюуга чейин шарттарды салыштырууга болот
Келишим түзүлгөнгө чейин кредитор зайымчыга стандарттуу маалымат баракчасын – кагаз жүзүндө же электрондук түрдө акысыз бериши керек.

Анда кредиттин негизги шарттары көрсөтүлөт: суммасы жана мөөнөтү, пайыздык чен же кошумча акы, кредиттин толук наркы, эффективдүү пайыздык чен, төлөмдөрдүн өлчөмү жана мезгилдүүлүгү, төлөө мөөнөтү өткөрүлгөн шартта талаптар жана башка маанилүү маалыматтар.

Мунун бир себеби – зайымчы бир нече финансылык уюмдун сунуштарын салыштырып көрүүсүн жеңилдетүү.
Ошондуктан, дароо чечим кабыл алуунун кажети жок. Шарттар тууралуу маалымат алып, бир нече варианттарды салыштырып, андан кийин гана ылайыктуусун тандоого болот.

Келишимге кол койдуңуз, бирок оюңузду өзгөрттүңүзбү?
Эгер келишимге кол коюлуп, бирок акчаны колго ала элек болсоңуз, керектөөчү кредитин алуудан акысыз баш тартуу укугуңуз бар.
Эгер кредит товарды, жумушту же кызматты сатып алуу үчүн бөлүп төлөө шартында берилсе, аларды иш жүзүндө алганга чейин баш тартууга болот.

Бул кредиттин зарылдыгын дагы бир жолу баалоого жана акчаны же сатып алууну иш жүзүндө алганга чейин андан баш тартууга мүмкүндүк берет.

Кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөөгө болот
Эгерде, зайымчы кредитти мөөнөтүнөн мурда кайтарууга мүмкүнчүлүгү пайда болсо, ал айып пулдарды, комиссияларды жана мөөнөтүнөн мурда төлөгөндүгү үчүн башка санкцияларсыз толугу менен же жарым-жартылай төлөөгө
укуктуу.

Мында кредитор негизги карыз азайгандыгын эске алуу менен зайымчынын милдеттенмелерин кайра эсептеп чыгып, төлөө графигин жана төлөнүүгө тийиш болгон пайыздардын же кошумча акынын суммасын тууралашы керек.
Демек, мөөнөтүнөн мурда төлөөдө зайымчынын келечекте төлөнүүчү кредит боюнча чыгымдарын азайтышы мүмкүн.

Карыз чексиз өспөшү керек
Зайымчыны коргоонун дагы бир маанилүү жагы — керектөөчү кредити боюнча чегерүүлөрдүн жалпы суммасын чектөө.
Мында, кредитти реструктуризациялоону кошо алганда, пайыздар же кошумча акы, комиссиялар, үстөк айып, айып пулдар жана туумдар чогуу алганда алгач берилген керектөөчү кредити боюнча сумманын 60 пайызынан ашпоого тийиш.

Мисалы, эгер адам 100 миң сом алган болсо, мындай чегерүүлөрдүн суммасы 60 миң сомдон ашпашы керек. Ошол эле учурда, алынган негизги карыздын суммасын кайтарып берүү милдеттенмеси сакталат.

Үстөк айып үчүн өзүнчө чектөө бар. Эгерде күрөөгө коюлган мүлктүн эсебинен өндүрүү жол-жобосу башталса, анда тиешелүү билдирүү жиберилген күндөн тартып 15 күндөн кийин аны чегерүү токтотулат. Мында, керектөөчү кредити колдонулган бүтүндөй мөөнөтү үчүн үстөк айыптын өлчөмү берилген кредиттин суммасынын 10 пайызынан ашпоого тийиш.

Эгер, төлөмдөрдү төлөөдө кыйынчылык жаралса эмне кылуу керек?
Эгерде зайымчы кийинки төлөмдү өз убагында төлөй албай турганын түшүнсө, төлөө мөөнөтүн өткөрбөй, мүмкүн болушунча дароо финансылык уюмга кайрылуу зарыл.
Жагдайга жана кредит шарттарына жараша, төлөө графигин өзгөртүү же карызды реструктуризациялоо варианттары каралышы мүмкүн.

Мында, эсиңизде болсун: керектөөчү кредитин эки гана жолу кайра каржылоого жол берилет. Мурунку кредиттин ордун жабуу үчүн жаңы кредит алуу дайыма эле карыздык жүгү маселесин чечпейт, айрыкча, эгерде мезгилдүү төлөмдөрдүн өлчөмү жогору бойдон калса.

Кредитти тариздөө алдында эмнени текшерүү керек?
Чечим кабыл алуудан мурда өзүңүзгө бир нече жөнөкөй суроолорго жооп берүү пайдалуу:
— мага азыр чындап эле кредит керекпи;
— ай сайын канча төлөйм;
— төлөмдөн кийин үй-бүлөнүн кадимки чыгымдарына канча акча калат;
— кредиттин толук наркы жана эффективдүү пайыздык чени канча;
— кошумча милдеттүү чыгымдар барбы;
— бардык мөөнөт ичинде жалпысынан канча төлөйм;
— эгерде кирешем убактылуу азайса, төлөй аламбы;
— төлөөнү кечиктиргенде эмне болот;
— кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөй аламбы.

Шарттары түшүнүксүз болгон документтерге кол койбоңуз. Зайымчы келишим түзүлгөнгө чейин кредиттин шарттары жөнүндө маалымат алууга жана аны менен кылдат таанышып чыгууга укуктуу.
Кредитордон алынган келишимди, төлөө графигин жана башка документтерди милдеттенмелер толук аткарылганга чейин сактап койгонуңуз жакшы.

Эң башкысы – кредиттин суммасы эмес, аны кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү
Кредит бүгүнкү күндөгү маанилүү финансылык маселени чечүүгө жардам бере алат, бирок аны төлөө кийинки айлар же жылдардагы чыгымдардын бир бөлүгү болуп калат.

Ошондуктан, кредитти тандоодо, финансылык уюм берүүгө даяр болгон максималдуу суммага эмес, өз бюджетиңизге ыңгайлуу болгон айлык төлөмдүн өлчөмүнө жана кредиттин жалпы баасына багыт алуу керек.

Кредит – бул кошумча киреше эмес, бул кайтарылып берилүүчү милдеттенме. Ошондуктан, кредит тариздөө алдында «мага канча сумма берүүгө даяр?» деген суроого эмес, «үй-бүлөлүк бюджетке кесепетин тийгизбестен толугу менен кайтарып бере аламбы?» деген суроого өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Даярдаган Абдимухтар Абилов

14-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 132
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X