Кичи райондордо мыйзамсыз тосмолор алынды
Бишкек шаарынын кичи райондорунда муниципалдык аймактарга уруксатсыз орнотулган конструкцияларды аныктоо жана алып салуу боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.
Мэриядан билдиришкендей, иш-чарага шаар тургундарынан түшкөн көптөгөн даттануулар негиз болгон. Текшерүүнүн жүрүшүндө Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын (УКЗ) кызматкерлери 13 дарекке барып, мыйзамсыз орнотулган 40 объектти демонтаждашты.
Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык аймактарга тиешелүү уруксат документтери жок тосмолорду жана башка конструкцияларды орнотууга тыюу салынарын эскертти. Мындай багыттагы рейддер мындан ары да туруктуу негизде улантылары белгиленди.
Ошондой эле мыйзамсыз тосмолор шаардык дизайн-код талаптарын бузуп, атайын кызматтардын унааларынын эркин өтүшүнө тоскоолдук жаратарын мэрия кошумчалады.