Китеп окуу маданиятын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа даярдалат
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде китеп окуу маданиятын жана интеллектуалдык мурасты өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик программаны иштеп чыгуу маселеси каралды.
Жыйын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловдун жетекчилиги алдында өтүп, ага тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Талкуунун жүрүшүндө өлкөнүн интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу, улуттук өзүн-өзү таанууну бекемдөө жана жаш муунду руханий жактан тарбиялоо максатында китеп чыгарууну колдоо, окурмандык маданиятты өнүктүрүү, улуттук жана дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн кеңири жайылтуу маселелери көтөрүлдү.
Айрыкча кыргыз классикалык адабиятына, дүйнөлүк классикага жана балдар адабиятына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле жаш калемгерлерди жана чыгармачыл таланттарды колдоонун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу сунушталды.
Жыйындын жыйынтыгында аталган мамлекеттик программаны иштеп чыгуу үчүн атайын жумушчу топ түзүү тапшырмасы берилди.