Китеп окуу-руханий муунду тарбиялоонун башаты

9-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 92

“Коомду өзгөртөбүз” деп көп айтабыз. Бирок коомду түзгөн адам бир үй-бүлөдө тарбияланарын көп учурда унутуп коёбуз. Ал эми үй-бүлөнүн руханий дүйнөсүн калыптандырган негизги баалуулуктардын бири китеп экени да талашсыз чындык.

Үй-бүлө жана коом, бул бири-биринен ажырагыс түшүнүк. Коомдун бүгүнкү жүзү, кечээги үй-бүлөлүк тарбиянын, ал эми эртеңки коомдун жүзү, бүгүнкү үй-бүлөдө калыптанып жаткан баланын дүйнө таанымынын күзгүсү. Ошондуктан коомдун маданияты, адеп-ахлагы, руханий деңгээли тууралуу сөз кылганда, эң оболу үй-бүлөгө кайрылууга туура келет. Ал эми үй-бүлөнүн руханий дүйнөсүн калыптандырууда көркөм адабияттын орду өзгөчө. Китеп жөн гана кагазга түшүрүлгөн сөздөрдүн жыйындысы эмес. Ал адамзаттын эс тутуму, тажрыйбасы, акыл-эси, кайгысы менен кубанычы, жаңылыштыгы менен андан алган сабагы топтоштурулган руханий казына. Бала китеп окуу аркылуу өзү жашап жаткан мезгил менен гана эмес, өткөн доорлор, башка адамдардын тагдырлары, башка коом жана башка дүйнө менен да сүйлөшүп, кабардар боло баштайт.

Ошондуктан үй-бүлөдө ата-эненин, балдардын китеп окуусу баланын интеллектуалдык гана эмес, адеп-ахлактык жана руханий жактан мыкты калыптануусуна түздөн-түз таасир эткен маанилүү фактор. Китеп окуган үй-бүлө, руханий алакада баарлашкан үй-бүлө. Үйдө ата-эне китеп окуса, бала үчүн китеп өзүнчө бир бөтөн дүйнө болуп көрүнбөйт. Ал күнүмдүк жашоонун табигый бөлүгүнө айланат. Балага «китеп оку» деп миң жолу айтканга караганда, анын көз алдында атасы же апасы кечинде китеп окуп отурганы көбүрөөк таасир берет. Анткени бала биринчи кезекте сөздөн эмес, ата-энеси көрсөткөн үлгүдөн таалим-тарбия алат. Үй-бүлөдө бир чыгарманы чогуу окуп, анын каармандары тууралуу пикир алышуу да өзгөчө тарбиялык мааниге ээ. «Бул каарман эмне үчүн мындай иш кылды?» «Сен анын ордунда болсоң эмне кылмаксың?» «Анын кылган иши туурабы?» «Бул окуя сага кандай таасир берди?» деген суроолор баланын өз алдынча ой жүгүртүүсүн өстүрөт. Үйдө баары биргеликте китеп окуу жеке адамдын жалгыз аракети эмес, үй-бүлөлүк руханий баарлашуунун мыкты формасына айланат.

Ал эми бүгүн көп үй-бүлөлөрдө ата-эне менен баланын ортосундагы сүйлөшүү акырындап тиричилик маселелерине гана тиешелүү болуп баратканы жашыруун эмес. «Сабагыңды окудуңбу?» «Тамак ичтиңби?», «Кайда барасың?», «Телефонду көп караба, ден-соолукка зыян!..» деген сыяктуу күнүмдүк буйруктуу-суроолор көп, ал эми баланын ички дүйнөсүн козгогон маңыздуу баарлашуу аз. Көркөм адабиятты окуу дал ушул боштукту толтура алат. Китеп окубаган бала сөзсүз эле билимсиз болуп калат деп айтуу туура эмес. Ал интернеттен, видеолордон, социалдык тармактардан, башка маалымат булактарынан көп нерсе үйрөнүшү мүмкүн. Бирок, маалымат менен руханий тажрыйбанын айырмасы бар. Кыска видеолор тез маалымат алууга мүмкүндүк берет, социалдык тармак тез реакция жасоого үйрөтөт, ал эми көркөм чыгарма адамды доордон-доорго алып барат, ойлонтот, каармандын ички дүйнөсүнө киргизет. Китеп окуган адам башка бирөөнүн кайгысын өз кайгысындай сезүүгө, анын абалын түшүнүүгө аракет кылат. Мына ушул жерден адамдын эмпатиясы, башкача айтканда, өзгөнүн абалын түшүнө билүү жөндөмү калыптанат. Мисалы, бир жакшы роман бизге «боорукер бол» деп түздөн-түз буйрук бербейт. Бирок, каармандын трагедиясын сүрөттөө менен боорукерликтин маанисин жүрөккө жеткирет. Адабияттын күчү мына ушунда. Ошондуктан адабияттан алыстоо, китептен гана алыстоо эмес. Ал акырындык менен терең ойдон, сабырдан, элестетүүдөн, тил байлыгынан, тарыхый эс-тутумдан жана адамдын ички дүйнөсүн түшүнүүдөн алыстоого алып келет.

Бүгүнкү үй-бүлөнүн алдында мурда болуп көрбөгөн “смартфон” деген чоң атаандаштык бар. Албетте телефонду таптакыр жаман нерсе катары кароо туура эмес. Андан билим алууга да, китеп окууга да, дүйнөлүк маалыматка бат жетүүгө да болот. Маселе заманбап, жаңы технологияда эмес, аны колдонуу маданиятында. Бала күнүнө бир нече саат экран карап, бирок бир нече бет көркөм чыгарма окубай калса, анын маалымат кабыл алуу маданияты өзгөрөт. Ал тез, кыска, жеңил кабыл алынган маалыматка көнөт. Натыйжада узак текстке, терең ойго, татаал сюжетке, каармандын психологиясын аңдоого чыдамы жетпей калышы мүмкүн. Бул жерде чоңдордун жоопкерчилиги өзгөчө. Баланы «телефонуңду кой» деп тыюу салуу оңой. Бирок анын ордуна «мына бул китепти оку» деп кызыктуу альтернатива сунуштоо кыйыныраак. Демек, маселенин чечилиши тыюу салууда эмес, китепти бала үчүн кызыктуу руханий муктаждыкка айланта алууда.

Бүгүнкү биздин коомдо адабияттын орду абдан чоң. Анткени кыргыз адабияты аркылуу кийинки муун элибиздин тарыхын, дүйнө таанымын, салтын, тилин, мүнөзүн, арманын жана үмүтүн тааныйт. «Манас» эпосу баштаган элдик оозеки чыгармачылыктар. Океандай терме-санаттарын калтырып кеткен төкмө акындар, Аалы Токомбаев, Алыкул Осмонов, Мидин Алыбаев, Жоомарт Бөкөнбаев, Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков, Жолон Мамытов, Турар Кожомбердиевдер баштаган залкарлардын чыгармалары, улуттук руханий дүйнөнүн эсепсиз катмарларын камтыган зор мурас. Дүйнөлүк адабият менен катар кыргыз адабиятынын кыл калемгерлеринин чыгармаларын окуган бала адам менен адамдын, адам менен табияттын, адам менен коомдун, абийир менен жоопкерчиликтин ортосундагы мамилелер тууралуу ой жүгуртүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Адабиятты окуу, өткөндү гана билүү эмес, өзүңдүн ким экениңди түшүнүүгө жасалган кадам. Эгер үй-бүлөдө бала эне тилиндеги көркөм чыгармаларды окубай чоңойсо, анын улуттук маданий тамыры менен байланышы да алсырайт.

Адабияттан алыстаган муун кайда барат? Албетте бул суроого бир жактуу жооп берүү мүмкүн эмес. Бирок китеп окуу маданияты начарлаган коомдо терең ой жүгүртүү маданияты да алсыроо коркунучуна туш болору анык. Андай коомдо адамдар көбүнчө окуянын өзүнө эмес, анын үстүрт көрүнүшүнө баа бериши мүмкүн. Кыска пикир узак ойдун ордун басат. Ушак маалыматтын ордун ээлейт. Стереотип аналитикалык талдоону сүрүп чыгарат. Катуу кыйкырык жүйөлүү аргументтен күчтүү көрүнүп калат. Мындай көрүнүштөрдүн айрым белгилерин бүгүнкү коомдук мейкиндиктен көрүүгө болот. Социалдык тармактарда адамдар бир нерсени толук окубай туруп пикир билдирет. Маалыматтын булагын текшербей туруп ишенет. Кимдир бирөөнү тааныбай, жасаган ишин билбей туруп айыптайт. Бир сүйлөм менен бүтүндөй бир адамга, бир чыгармага баа берет. Булардын баарын түздөн-түз «китеп окубагандыктан» деп түшүндүрүү туура эмес. Бирок китепти терең окуу жана терең ой жүгүртүү маданиятынын төмөндөшү мындай көрүнүштөрдү күчөтөрү талашсыз.
Ар бир үй-бүлө үйүндө чогуу китеп окууну жандандыруусу керек. Маселе балдарды китеп окууга мажбурлоодо эмес. Мажбурлап окутуу, баланын китепке болгон кызыгуусун жоготуп коюшу мүмкүн. Эң биринчи, ата-эне өзү үлгү болушу керек. Анан, баланын жашына жана кызыгуусуна ылайык чыгарма тандалышы зарыл. Балага анын дүйнөсүнө түшүнүксүз, оор китепти карматуу менен балага «китеп окууну» сүйдүрүү мүмкүн эмес. Үйдө китеп тууралуу сүйлөшүү салтын түзүү ар бир үй-бүлө үчүн зарыл. Үйдө телевизор, телефон, социалдык тармактар жөнүндө сүйлөшүлгөндөй эле, окуган китеп тууралуу да пикир алышуу кадимки көрүнүшкө айланышы керек. Анан да китепти белекке берүү маданиятын жандандыруу, туулган күндө же майрамда балага кийим, оюнчук, гаджет менен катар жакшы китеп берүү, анын руханий дүйнөсүн байытууга жасалган инвестиция экенин унутпашыбыз керек. Эң негизгиси, балага китептин баасын түшүндүрүү эмес, китептин адам жашоосун өзгөртө аларын сездирүү зарыл.

Ар бир коомдун өзүнүн руханий иммунитети болот. Ал иммунитет билимден, тарыхый эс-тутумдан, маданияттан, тилден, искусстводон жана адабияттан куралат. Ал эми бул баалуулуктардын биринчи мектеби, үй-бүлө. Коомдун руханий иммунитети үй-бүлөдөн башталат. Мектеп билим берет, китепкана китеп сунуштайт, мугалим багыт берет. Бирок баланын китепке болгон мамилесинин пайдубалы көп учурда үй-бүлөдө түптөлөт. Эгер ата-эне «балам китеп окуса экен» деп тилек кылса, анда биринчи, «мен өзүм китеп окуп жатамбы?» деген суроону өзүнө коюшу керек. Анткени балага айтылган миң сөздөн ата-эненин көрсөткөн бир жакшы үлгүсү күчтүү таасир берет. Бүгүн үй-бүлөдө китеп окуу салтын сактоо жөн гана маданий иш эмес, келечек муундун ой жүгүртүүсүнө, тилине, дүйнө таанымына, адамдык сапаттарына салынган инвестициялык колдоо.

“Адабияттан алыстаган муундун келечеги сөзсүз караңгы болот” деп айтуу аша чапкандык. Бирок адабияттан ажыраган муун өзүнүн руханий багытын издөөдө бир топ кыйналары анык. Ошондуктан үй-бүлөдө китептин кадыр-баркын ата-эне көтөрүүсү зарыл. Китеп, ар бир үйдүн текчесинде чаң басып турган буюм эмес, үй-бүлөнүн руханий азыгы болушу керек. Ата-эне менен баланын ортосунда китеп тууралуу сөз жүрүп, окуп жаткан чыгарманын автору, андагы каармандары талкууланып, ырлардын саптары жатталып, бир чыгарманын тагдыры үй-бүлөнүн кечки маегине айланган күнү ошол үйдө руханий жашоо башталат. Анткени китеп окуган үй-бүлөдө сөз эле эмес, терең ой жүгүртүү жөндөмү өсөт. Ой өсүп, жетилген жерде түшүнүү пайда болот. Түшүнүү бар жерде сабырдуулук жаралат. Сабыр бар жерде маданият болот. Ал эми маданияттуу үй-бүлөлөрдөн маданияттуу коом калыптанат. Демек, коомду өзгөртүү алыстан башталбайт. Ал ар бир үйдүн төрүндөгү китеп текчесинен, ата-эненин колундагы китептен, анан да ата-энесинен үлгү алган баланын ошол китепке сунулган колунан башталат.

Коомду руханий жактан жаңыртуу, маданияттуу, терең ой жүгүрткөн, боорукер жана жоопкерчиликтүү муунду тарбиялоо үй-бүлөдөн башталат. Ал эми үй-бүлөнүн руханий пайдубалын бекемдөөдө китеп өзгөчө орунду ээлеп турат. Китеп окуу, баланы жөн гана билимдүүлүккө жеткирүү эмес, аны жалпы адамзатты түшүнө билген, өзүн тааный алган, улуттук баалуулуктарын урматтаган, дүйнөгө кеңири көз караш менен караган инсан катары калыптандыруунун мыкты жолу. Ошондуктан бүгүн ар бир ата-эне өзүнө, «балам китеп окуйбу?» дегенден мурда «мен өзүм китеп окуп, ага үлгү болуп жатамбы?» деген суроону коюшу керек. Анткени китептин ачылган ар бир барагы баланын дүйнөсүнө ачылган жаңы терезе, ал эми ошол терезелерден кирген жарык эртең бүтүндөй коомдун руханий жүзүн өзгөртө алат. Коомду өзгөртүү бийик трибуналардан айтылган ураандардан эмес, үйдүн төрүндө отуруп китеп окуган ата-энеден, китепке кызыгып өскөн баладан жана руханий баалуулукту муундан муунга өткөрүп келаткан үй-бүлөдөн башталат.

Бахпурбек Аленов

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X