Көчмөндөр дүйнөсү жаңырат
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – ар түрдүү маданият, салттар, спорттук оюндар жолугушкан эл аралык аянтча. Мында салттуу оюндар, кол өнөрчүлүк, музыка, экология, мурас тармагындагы эксперттердин пикирлери да жаңырат.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы режиссеру Алтынбек Максутов:
— VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын концепциясы, жоболору иштелип чыкты. Иш-чарага даярдыктар соңуна келип калды. Быйыл Кырчында жыл бою иштей турган этнокомплекс курулууда. Мындан сырткары, Кербен сарай, Этно базар курулду. Бардык локацияларда даярдыктар өзгөчө. Оюндардын багыты да кеңейди. Мында Көчмөндөр дүйнөсү жаңырат. Көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө улуттук маданиятыбызды, конок күтүүдөгү жөрөлгөлөрүбүздү көрсөтүп, келген конокторду жогорку деңгээлде тосуп алууга бар аракеттер көрүлүүдө.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын “Көчмөндөр айылы” аймагындагы республикалык маданий иш-чаралардын жана кароо-сынактардын Башкы координатору – КР Эл артисти Зарылбек Молдобакиров:

— Мекендештерди жана жалпы меймандары VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырабыз. Иш-чаранын алкагында Кырчында Көчмөндөр айылы болот. Ал жерде 7 облустан жана коомдук уюмдардан өкүлдөр катышат. 1000дей боз үй болот. Аны менен катар Этно базар орун алат, интерактивдүү аянтча да болот. Ал жерде кыргыздын нукура оюндары ойнолот. Оюндардын алкагында, кыргыздын жылдызды саноо боюнча долбоору орун алат. Анткени, элибиз эзелтен асмандагы топ жылдыздарды байкап, убакытты, мезгилди жана багытты аныктап келишкен. Мына ушул өңдүү кызыктуу иш-чаралар
болот.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программа боюнча штабынын жетекчиси Гүлбара Абдыкалыкова:
— Быйыл VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасы жаңы концепцияга ылайык өткөрүлөт. Программа 3 негизги багыттан турат жана 5 локацияда өткөрүлөт.
Маданий программанын концепциясына ылайык, 1-компонент бул Кырчын жайлоосундагы салттуу түрдө уюштурулуп келген “Көчмөндөр ааламы этно маданий шаарча”, 2-компонент республиканын 40 району катышкан “Биримдик кербени жүрүшү”, 3-компонент Көчмөндөр ааламы доорлор байланышы эл аралык этно маданий фестивалы. Бул фестиваль негизги 3 локацияда өткөрүлөт жана 3 мезгилди байланыштырат. Көчмөндөр ааламы доорлор байланышы этно маданий фестивалынын биринчи аянтчасы Башат деп аталат. Бул аянтчада салттуу музыка фестивалы өтөт. Кийинки аянтча Учурдун энергиясы деп аталат. Бул жерде Номад фест эл аралык фестивалы болот. 3-аянтча Глобалдык келечек деп аталып, бул аянтчада Көчмөндөр жаңырыгы аттуу эл аралык этно ыр сынак фестивалы өткөрүлөт.
Мээрим Бактыбек кызы