Көчмөндөр оюндары өтчү спорттук объектилердин даярдыгы текшерилди

15-август, 2026-ж. / Редакция / Спорт 99

Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык кызуу жүрүүдө. Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов жана Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев Ысык-Көлдөгү мелдеш өтүүчү негизги объектилердин даярдыгын жеринен текшеришти.

Иш сапардын алкагында Чолпон-Атадагы ат майданы, “Газпром” ден соолукту чыңдоо борбору, “Евразия” курорттук мейманканасы жана “Кырчын” этношаарчасы каралды. Анда спорттук мелдештерди жогорку деңгээлде өткөрүү, спортчулар жана катышуучулар үчүн шарттарды түзүү, инфраструктураны даярдоо жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери талкууланды.Нет описания фото.

Улан Маматканов тиешелүү мамлекеттик органдарга объектилердин даярдыгын өз убагында жана сапаттуу бүтүрүү, уюштуруу иштерин тыгыз координациялоо жана коопсуздукка өзгөчө көңүл буруу боюнча тапшырмаларды берди.

Көчмөндөр оюндарына даярдык белгиленген планга ылайык уланууда.

15-август, 2026-ж. / Редакция / Спорт 99
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X