Көчмөндөр оюндарында күрөштүн алгачкы жеңүүчүлөрү аныкталды

1-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Спорт 145

Бүгүн, 1-сентябрда, Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде күрөштүн үч түрү — монгол бох, гореш жана кураш боюнча 100 килограммдан жогорку салмак категориясындагы мелдештер жыйынтыкталды.

Монгол бох боюнча жалпы 14 спортсмен күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орун -Анар Дорж (Монголия)

2-орун -Монге Эртине Куулар (Россия)

3-орун -Сурлиге Сурлиге (Кытай)

3-орун -Орозбек Аширов (Кыргызстан)

Гореш боюнча 31 мамлекеттен келген спортсмендер күч сынашты.

Байгелүү орундар: 1-орун -Аннагурбан Аллабердиев (Түркмөнстан)

2-орун -Асанкелди Нурказым уулу (Кыргызстан)

3-орун -Илиосбек Мирзакматов (Өзбекстан)

3-орун — Надер Софизада (Афганистан)

Кураш боюнча 21 мамлекеттен келген спортсмендер күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгында:

1-орун — Нумонжон Ражабов (Өзбекстан)

2-орун -Садег Азаранг (Иран)

3-орун -Кемал Кемалов (Түркмөнстан)

3-орун -Тилек Куралов (Кыргызстан)

Мелдештин байге ээлерине акчалай сыйлыктар тапшырылды. 1-орунду ээлеген спортсмендерге 100 миң сом, 2-орунга — 80 миң сом, 3-орунга — 50 миң сомдон акчалай сыйлык берилди.

1-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Спорт 145
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X