Кой чарбасынын көргөзмөлөрү өтөт
2021-жылдын 11-сентябрында Айыл, суу жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги Талас районундагы Э.Кутманалиев атындагы стадионунда, «Арашан» асыл тукум кой чарбасын өнүктүрүү максатында, популяризациялоо, тажрыйба алмашуу жана селекциялык жетишкендиктер боюнча облустук эт багытындагы койлордун биринчи аймактык көргөзмөсүн өткөрөт. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Ал эми 2021-жылдын 18-сентябрында, саат 09.00дө Кара-Балта шаарында «Арашан» породасындагы койлордун республикалык көргөзмөсү өтөт.