Комитет кальян жайларын лицензиялоо жана крематорийлер боюнча мыйзам долбоорлорун жактырды

2-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 101

Кечээ Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Жыйында алгач Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору талкууланды.

Мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова тааныштырып, документ кальян кызматтарын көрсөтүү тармагын жөнгө салууга багытталганын билдирди. Ага ылайык, кальян чегүүгө атайын лицензиясы бар жайларда гана уруксат берүү, кальян кызматтарын лицензиялануучу ишмердүүлүктүн түрлөрүнүн тизмесине киргизүү жана мындай жайларга өзүнчө залдар, желдетүү системалары жана санитардык талаптар боюнча милдеттүү шарттарды белгилөө сунушталууда.

Талкуу маалында Беназир Нурланова Бишкек шаарында барлар менен түнкү клубдарды эсепке албаганда кеминде 33 адистештирилген кальян жайы иштеп жатканын маалымдады.

Депутаттар мыйзам долбоору боюнча бир катар суроолорду жана сунуштарды айтышты. Алсак, депутат Советбек Рустамбек уулу сезондук кафелерде, эс алуу борборлорунда жана жеке адамдар тарабынан кальян колдонуу тартибин тактоо зарылдыгын белгиледи. Депутат Айгүл Ахмедова никотин жеткирүүчү электрондук буюмдардын сатылышын жөнгө салуу маселесин көтөрсө, депутат Улукбек Карыбек уулу коомдук жайларда кальян колдонууга байланыштуу талаптардын аткарылышын күчөтүү жана жооптуу мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин кароо керектигин айтты.

Өз кезегинде депутат Жылдыз Эгенбердиева кальян жана башка никотин камтыган каражаттарды колдонуудан улам дем алуу органдарынын оорулары көбөйүп жаткандыгына тынчсыздануусун билдирип, бул багытта илимий изилдөөлөрдү жана алдын алуу иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, комитет Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин колдонулушун токтотуп туруу тууралуу мыйзам долбоорун да биринчи окууда колдоду.

Мыйзам долбооруна ылайык, крематорийлердин ишин жөнгө салуучу ченемдерди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон уюштуруучулук, укуктук жана инфраструктуралык шарттарды түзүү максатында мыйзамдын 24-беренесинин колдонулушун 2040-жылдын 1-январына чейин токтотуп туруу сунушталууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X