Конгодо Эбола эпидемиясынан 970ге жакын адам каза болду
Демократиялык Конго Республикасында Эбола вирусунан каза болгондордун саны 967ге жетти. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөдө оорунун 2423 тастыкталган учуру катталып, 469 бейтап айыккан.
Эпидемия беш провинцияга жайылган. Негизги очок катары Итури провинциясы калууда. Бул аймакта жуктуруу учурларынын 89 пайызы жана өлүмдөрдүн 84 пайызы катталган.
ДССУнун маалыматы боюнча, вирус айрым аймактарда тездик менен жайылып, эпидемияга каршы чараларды көрүү иштеринен ылдам болууда.
Уюм эң көп жабыркаган аймактарда коопсуз көмүү, бейтаптарды дарылоо жана медициналык жардамды кеңейтүү иштерин күчөтүүдө.