"Эркин-Тоо"

Кореянын экс-президенти Ро Дэ У 88 жашында каза болду

25-октябрда, Түштүк Кореянын мурдагы президенти Ро Дэ У 88 жашында каза болду. Бул тууралуу Рёнхап маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматта белгиленгендей, ал ден-соолугу начарлап ооруканага түшкөндөн кийин каза болгон.

Ро Дэ У 1988-1993-жылдары өлкөнү башкарган аскер-генерал болгон. Ал 1990-жылы СССРдин президенти Михаил Горбачев менен Сан-Францискодо жолугуп, эки мамлекеттин дипломатиялык мамилелерин бекемдешкен.

Ро Дэ У президент болуп турган кезде өлкөнүн Сеул жана башка шаарларында студенттер, демократиялык күчтөр полиция кызматкерлери менен демократия үчүн катуу тиреши кадимкидей көрүнүш болуп турган.

Ажолуктан кеткенден кийин 1995-жылы паракор деп айыпталып камалган. Эки жылдан кийин Жогорку сот аны 17 жылга эркинен ажыраткан. Бирок андан көп өтпөй ал мунапыс менен бошотулган.

Пример HTML-страницы