Коррупция менен күрөштөн түшкөн каражаттын эсебинен медкызматкерлерге айлык берилет

19-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 12

Бул тууралуу Вице-премьер-министр, экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө депозиттик эсепке 2 млрд сомдон ашык акча каражат түштү. Ал эми кыймылсыз мүлк менен кошуп айтылганда каражат 4 млрд сомго жетет.
“2 млрд сомдон бир аз ашык суммадагы каражаттын 1 млрд 836 млн сому медкызматкерлерге берилет. 1-апрелден тарта үй-бүлөлүк медицина борборлорунун медиктеринин айлык акысы жогорулатылган. Ошондой эле стационарда иштеп жаткан медкызматкерлердин маянасын 1-июлдан баштап 50%га көбөйткөнбүз. Бул каражаттар айлык акы төлөөгө булак катары колдонулат”, — дейт ал. Андан сырткары депозиттик эсептен 100 миң сомго чейинки насыя алган жарандардын үстөк пайызын төлөөгө да ушул каражаттан 727 млн сом жумшалган.

19-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 12
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X