Ковиддин кооптуу кесепеттери: Деменция, сокурдук, анорексия.
Коронавирустун оор формасы менен ооруп айыккан бейтаптардын кеминде үчтөн бир бөлүгү ден-соолугуна байланыштуу олуттуу көйгөйлөргө туш болушат. Бул тууралуу чет өлкөлүк адистер бейтаптардын арасында жүргүзгөн байкоолордон кийин билдиришкен.
Алардын бири — кахексия (адам алсырап, салмагы кескин төмөндөп кеткен учур).
Кахексия көп учурда адамды өлүмгө дуушар кылат. Анткени бул синдромго кабылган бейтаптын зат алмашуусу бузулуп, организмдеги физиологиялык процесстер токтой баштайт. Кахексия бейтаптардын психикалык абалын дагы начарлатат.
Узакка созулган ковид тиштерге сокку берет
Коронавирус инфекциясынын оор формасына кабылган адамдардын көпчүлүгү, тиштеринин жабыркаганын айтышат. Сурамжылоого катышкан 100 адамдын ичинен 70 пайызы тиштерине байланыштуу көйгөйлөргө кабылгандарын билдиришкен. Маселен, айрымдардын тиштеринин бүлөлөрүндө былжыр эттер өсүп, тамырлары бошоп, түшүп калган учурлар байкалган. Мындан тышкары периодонтит, гранулемалардын өсүшү жана таза тиштердин зыркырап оорушу байкалган.
Коронавирустун оор формасы менен ооруп, айыккандардын көбү Альцгеймер дартына кабылышы толук мүмкүн
Жүрөк, ашказан жана өпкөдөн тышкары коронавирус мээге дагы таасирин берет. Пандемиянын башталышынан тартып ушул мезгилге чейинки жүргүзүлгөн байкоолорго ылайык, илдет менен ооруп айыккандарда мээнин микроциркуляциясы, микротромбоз жана мээнин ишемиялык зоналарындагы жабыркоолору болгону айтылган. Бул байкоолорду Германиянын дарыгерлери жүргүзүшкөн. Мындан тышкары дарыгерлер COVID-19 менен ооруп айыккан улгайган адамдардын мээлеринде олуттуу өзгөрүүлөр болгонун айтып, көпчүлүгү алты айдан кийин Альцгеймер дартына кабылганын билдиришкен .
Ковид адамдын көзүнүн көрүүсүн начарлатат
Көз былжыр челге ээ болгондугуна байланыштуу, вирус көз аркылуу дагы жугат. ДССУнун маалыматына ылайык, COVID-19 дартына кабылган бейтаптардын көпчүлүгү ылаң менен ооругандан кийин көз көрүүлөрү кескин начарлаган. Сурамжылоого катышкан 133 адамдын ичинен 60%ы — көздүн таалып оорушуна, 53%ы — дефокуска (көрүү фокусун жоготуу), 46%ы — көздүн тумандашына, 33%ы — жарыкка сезимталдуулугуна, 31%ы — көздүн сайгылашып ооруганына, 31%ы — Диплопияга (кош көрүнүш), 19%ы — жарык сызыктардын көзгө көрүнгөнүн, 18%ы — көздөн тынымсыз жаш агып калганына, 17%ы-гало эффекттин пайда болушуна, 11%ы- көздүн жарыктан уялуусуна кабылганын айтышкан.
Айрым бейтаптардын көздөрү менен болгон көйгөйлөрү 3-4 айдын ичинде өтүп кетсе, бир бөлүгүнүкү узак убакыттан бери сакталып келе жатканы айтылган.