"Эркин-Тоо"

КР Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата медаль чыгарылат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитти.

КР президентинин 2023-жылдын 8-февралындагы № 21 “КР Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында 2023-жылдын 3-мартында министрлер кабинетинин №112 тиешелүү токтому кабыл алынды.

Документте айтылгандай, “КР Конституциясына 30 жыл” юбилейлик медалы жөнүндө жобо жана юбилейлик медалга күбөлүктүн формасы бекитилген.

КР президентинин Иш башкармалыгына 2023-жылдын 1-майына чейин “КР Конституциясына 30 жыл” юбилейлик медалдарын жана аларга күбөлүктөрдү белгиленген тартипте даярдоону камсыз кылуу тапшырылды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!