КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат ЖУМАЕВ: “ТАЛАС ОБЛУСУ – ӨНҮГҮҮНҮН ЖАҢЫ БАГЫТЫНА БЕТ АЛДЫ”

Талас облусунда Эгемендүүлүк майрамына карата ири даярдыктар көрүлүп, социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор кеңири масштабда ишке ашырылууда.

Бул ийгиликтердин жана аткарылган иштердин алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев менен жүргүзүлүп жаткан системалуу иштер тууралуу кенен баарлаштык.

– Эрмат Жумаевич, быйыл Эгемендүүлүк майрамы Таласта өткөнү турат. Ушуга байланыштуу аймакта бир топ иштер аткарылып жатса керек?

— Ооба, майрамга карата Талас облусунда мурда болуп көрбөгөндөй ири даярдыктар жүрүп жатат. Анын алкагында бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушу кызуу жүрүүдө. Биринчиден, Талас шаарында “Баластан” балдардын оюн-зоок борбору, эне жана баланын ден соолугун коргоо максатында 63 орундуу перинаталдык борбору, “Акылман” Президенттик лицейи, Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты, борбордук стадиондун курулушу, борбордук мечит жана шаардык парк курулуп жатат. Ошондой эле К.Нуржанов атындагы аллея жаңыланууда. Бул объект 6,5 гектар аянтты ээлеп, балдардын эс алуусу үчүн заманбап шарттарды түзөт.

Азыркы учурда облустук биргелешкен оорукана үч жерде жайгашып, бул бир топ кыйынчылыктарды жаратууда. Ошондуктан, 300 орундуу жаңы заманбап оорукана куруу зарылдыгы көтөрүлдү, буюрса аны дагы ишке ашырабыз деген ойдомун. Биздин негизги максатыбыз – Талас облусунун инфраструктурасын жакшыртуу, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү жана Эгемендүүлүк майрамын татыктуу деңгээлде өткөрүү.

– Талас облусунун экономикасында кандай негизги өсүштөр байкалды. Дегеле, калктын жашоо деңгээлине түздөн-түз таасир берген көрсөткүчтөргө токтоло кетсеңиз?

– 2025-жылы Талас облусунун экономикасы туруктуу өсүү нугунда болду деп айта алам. Өнөр жай продукциясынын көлөмү 51,3 млрд сомго жетип, өсүү темпи 103%ды түздү. Энергетика тармагын эсепке албаганда 49,5 млрд сом болуп, дээрлик ушундай эле өсүш сакталды. Кызмат көрсөтүү тармагы 47,1 млрд сомго жетип, 104,7% өсүш болду. Чекене соода жүгүртүү да жакшы көрсөткүчкө жетип, 34,4 млрд сомду түзүп, 106,3% өсүш камсыздалды. Бул деген калктын керектөөсү жана ишкердүүлүк активдүүлүгү жогорулап жатканынын негизги көрсөткүчү деп эсептейм.

Жалпы мамлекеттик бюджетке 16,7 млрд сом салык чогултулуп, план 107,2%га аткарылды. Айрыкча “Жерүй” кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясынын салымы чоң болуп, 14,7 млрд сомдон ашык салык төлөндү.

Ал эми социалдык маанилүү товарлардын баасын кармоо боюнча да бир катар иштер жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтомунун негизинде, базарларда бааларга туруктуу мониторинг жүргүзүлүп, атайын жарманкелер уюштурулду. Акыркы учурда коомчулукта чоң талкууну жаратып жаткан эттин баасын республика боюнча эң төмөн деңгээлде сактап, 1 килограммын 630–650 сомдон жогорулаткан жокпуз.

– Өкмөт аймактарды өнүктүрүү үчүн инвестиция тартуу, ишкерлерди колдоо экенин белгилеген эле. Бул  боюнча кандай иштер жүрүп жатат?

– Ооба, чынында эле аймактардагы элдин жашоо-шартын жакшыртуунун бирден-бир артыкчылыктуу багыты – аймактарга инвестиция тартып, ишканаларды ачуу жана анын аркасында киреше булагын көбөйтүү, жумуш орундарын камсыздоо. Негизинен облусубузга 7,9 млрд сом инвестиция тартылып, өсүү темпи 120,8%ды түздү.

Бул жаман эмес көрсөткүч. Анын ичинде 1,9 млрд сом тышкы инвестициялар болсо, 5,9 млрд сом ички булактардан тартылып алынган. Ал эми республикалык бюджеттен 2 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү. Анын натыйжасында Талас облусунда соода-сатык, тейлөө жана башка тармактарда жалпы 102 ишкана ишке берилип, 556 жаңы жумуш орундары, өндүрүш багытында жалпы наркы 366,4 млн сомду түзгөн 16 ишкана ачылып, 247 адам иш менен камсыз болду. Өзгөчө белгилей кетчү жагдай, өндүрүш тармагында 6 ири ишкана  “Талас таш” гранит чыгаруучу заводу, “ДНК-Групп” темир-бетон заводу жана “Беш-Таш Кайыңды” минералдык суу чыгаруучу ишканасы, ошондой эле Талас шаарында Муниципалдык менчиктеги асфальт-бетон, темир-бетон жана таш майдалоочу заводдор ачылды.

– Демек, өткөн жылы курулуш тармагы дагы кыйла жанданган экен да?

– Туура, облус боюнча жалпысынан 67 объектиде  курулуш иштери жүргүзүлдү. Алардын ичинен капиталдык курулуш объектилери боюнча 48 объект, капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан 16 объект, таза суу боюнча 3 объектте иштер жүрдү. Ошону менен бирге “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу  32 объекттердин долбоорлору сунушталып, Талас районунун Ак-Сай айылындагы 192 орундуу орто мектеп, Айтматов районунун Кара-Суу айылындагы 225 орундуу орто мектеп, Аманбаев айылындагы 100 орундуу “Дастан” бала бакчасы, Шекер айылындагы спорт зал, Чолпонбай айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, Кызыл-Адыр айылындагы ФАП жана гемодиализ борбору, Ак-Башат айылындагы күрөш зал ишке берилип, Жоон-Дөбө айылындагы маданият үйү капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Ошондой эле Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында жана Кең-Арал айылындагы спорт комплекстер, Кыргызстан айылында бала бакча, Боо-Терек айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу пайдаланууга берилип, Өзгөрүш жана Кең-Арал айылдарында орто мектептер капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

– Жакшы экен, жол тармагы да унутта калбаса керек?

– Талас облусунда жол инфра-структурасын өнүктүрүү багытында олуттуу жана масштабдуу иштер жүргүзүлдү. Жалпы облус боюнча 34,7 чакырым жолго асфальт төшөлүп, пландалган иштер толугу менен жана сапаттуу аткарылды.

Анын ичинде стратегиялык мааниге ээ болгон “Суусамыр–Талас–Тараз”, “Чат-Базар–Арал–Талас”, “Көк-Ой–Кызыл-Туу–Манас-Ордо” жана “Талас–Нылды–Покровка” автожолдору жаңыланып, аймактар аралык байланыш кыйла жакшыртылды.

Мындан тышкары Бакай-Ата, Айтматов жана Манас райондорундагы бир катар маанилүү жол тилкелери оңдолуп, жергиликтүү калк үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Айрыкча, айыл ичиндеги көчөлөргө өзгөчө көңүл бурулуп, Жон-Арык, Кырк-Казык, Көк-Кашат, Арашан, Урмарал, Ак-Жар, Жоон-Дөбө сыяктуу көптөгөн айылдарда жолдор жаңыланды.

Бул иштердин натыйжасында аймактардын транспорттук жеткиликтүүлүгү, экономикалык активдүүлүгү жогорулады. Ошондой эле бул долбоорлор жергиликтүү ишкерликтин өнүгүшүнө, калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана аймактардын жалпы со-
циалдык-экономикалык өсүшүнө негиз түздү.

– Талас облусунун экономикасында айыл чарба негизги орунду ээлейт. Бул багытта кандай жетишкендиктер болду жана дыйкан-фермерлер үчүн кайсы көрсөткүчтөрдү өзгөчө белгилеп кетет элеңиз?

– Туура айтасыз, Талас облусунда айыл чарба элдин негизги киреше булагы болуп саналат жана экономиканын маанилүү тармагы бойдон калууда. 2025-жылы бул багытта жакшы жыйынтыктарга жетиштик. Жалпысы 108 миң гектардан ашуун аянтка айыл чарба өсүмдүктөрү себилип, наркы жылга салыштырмалуу айдоо жерлер көбөйдү.

Мисалы, картошкадан 135 миң тоннадан ашык түшүм алынып, түшүмдүүлүк жогорулады. Жашылча өсүмдүктөрү да жакшы натыйжа берип, 113 миң тоннадан ашык жыйналды. Бул дыйкандардын эмгеги акталып жатканын көрсөтөт.

Албетте, кээ бир кыйынчылыктар да болду. Буудай жана арпа боюнча түшүм бир аз төмөндөдү. Бул көбүнчө жай айларындагы аба ырайынын өзгөрүшү, анын аркасында сугат суунун жетишсиздигине байланыштуу болду. Талас облусу үчүн төө буурчак негизги экспорттук продукция болуп эсептелет. Өткөн жылы 47 миң тоннадан ашык төө буурчак дүйнөнүн 22 өлкөсүнө экспорттолду. Мындан тышкары алма, кара өрүк, кулпунай, малина сыяктуу жемиштер Казакстан, Россия жана башка мамлекеттерге чыгарылды.

Мал чарбачылыгы да туруктуу өсүштү көрсөттү. Эт өндүрүү 26 миң тоннадан ашып, сүт 77 миң тоннадан көп өндүрүлдү. Ошондой эле жумуртка жана жүн өндүрүүдө да өсүштөр бар.

– Бардык көрсөткүчтөр жаман эмес экен, ошону менен бирге көйгөйлөр да болсо керек?

– Негизги көйгөй – бул сугат суунун тартыштыгы жана климаттык шарттардын өзгөрүүсү. Ошондуктан, сугат системаларын жакшыртуу, жаңы технологияларды киргизүү жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү алдыдагы биздин башкы максаттарыбыздын бири.
Мындан тышкары экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурабыз.

– Президентибиз кол койгон жарлыкка ылайык жер мунапысын жыйынтыктоо иштери жаңы этапка өткөнү айтылууда. Талас облусунда бул багытта кандай жумуштар аткарылды?

– Жер мунапысы жарандардын менчик укуктарын мыйзамдаштыруудагы эң маанилүү реформалардын бири болду. Облус боюнча жалпысынан 15 миң 969 арыз келип түшүп, алардын негизинде 9 миңден ашык жаран боюнча оң чечимдер кабыл алынды. Натыйжада 2 миң 395 гектардан ашык жер аянты мыйзамдаштырылып, 6 миң 483 мамлекеттик акт берилди. Мындан тышкары, 1 миң 799 техникалык паспорт даярдалып, жарандардын мүлктүк укуктары толук кандуу корголууга алынды.

– Коррупцияга каршы күрөшүү жана коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында конкреттүү кандай кадамдарга барып жатасыздар?

– 2025-жылы бул багытта системалуу иштер жүргүзүлдү. Биринчиден, коррупцияны алдын алуу максатында мамлекеттик мекемелерде, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 2025–2030-жылдарга карата мамлекеттик стратегиянын аткарылышы көзөмөлдөндү. Прокуратура органдары тарабынан 455 текшерүү жүргүзүлүп, 972 мыйзам бузуу аныкталды. Натыйжада 668 прокурордук акт киргизилип, 500дөн ашык кызмат адамы жоопкерчиликке тартылды. Ошондой эле мамлекетке 350 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Жалпысынан алганда, коррупцияга каршы күрөш жана коомдук коопсуздук боюнча иштер көзөмөлдө. Бирок, бул багытта дагы алдын алуу иштерин күчөтүү биздин негизги милдеттердин бири бойдон калууда.

–  Эрмат Жумаевич, Талас облусунда билим берүү сапатын жакшыртууда окуучулардын жетишкендиктери эмненин эсебинен жогорулап жатат жана кандай системалуу иштер  жүргүзүлүүдө?

– Жалпысынан билим берүүнүн сапаты өсүп, жаштардын жетишкендиктери көбөйүүдө. Бул бизди кубандырат. Олимпиадаларда да жакшы жыйынтыктар бар. Республикалык деңгээлде 3 байгелүү орун камсыздалды. Эл аралык деңгээлде Манас районунун окуучусу күмүш медаль утуп келди. Талас облусу республика боюнча Бишкек шаарынан кийинки 2-орунду ээледи.

Ошондой эле бир окуучубуз 231 балл алып, “Алтын сертификатка” ээ болду. Жалпысынан 22 окуучу 200 баллдан жогору жыйынтык көрсөттү. Биз мындай таланттуу окуучуларды колдоого алып, өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Жаңы чечимге ылайык, олимпиада жеңүүчүлөрүнө жана ЖРТдан жогорку балл алган окуучуларга 30 миңден 100 миң сомго чейин акчалай сыйлыктар каралган. Бул жаштардын билимге болгон кызыгуусун арттырууга багытталган.

Күнболот Момоконов

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X