КРнын Эл артисти, Кыргызстан Кинематографисттер союзунун төрагасы, Бусурман ОДУРАКАЕВ: «ЫСМАЙЫЛ МЕНИ АЗЫР ДА ЭЭРЧИП ЖҮРӨТ»

Бусурман Одуракаев – мыкты актёр, өз ишинин кесипкөйү, өзгөчө таланттардын бири. Анын актёрлук чеберчилиги көрүүчүнү кайдыгер калтырбайт. Ал театр сахнасында да, кинофильмдерде да күчтүү, терең образдарды, тасмаларды жараткан актёр жана режиссёр. Одуракаевдин өнөр жолунда айрыкча эң таасирдүү аткарган ролдорунун бири – Чыңгыз Айтматовдун “Бетме-бет” повестинин негизинде тартылган «Куш өмүр» фильминдеги Ысмайылдын ролу.  Биз Чыңгыз Айтматовдун жакында белгилене турган 100 жылдык мааракесин утурлай Бусурман Одуракаев менен улуу жазуучуну эскердик.

– Бусурман ага, алгач жакында Кинематографисттер союзунун төрагасы болуп шайланышыңыз менен куттуктайбыз.

– Рахмат. Кызматка киришерим менен мага жүктөлгөн вазийпаны жоопкерчиликтүүлүк менен аткарууга аракет кылып, келечекке жакшы пландарды коюп, учурда кызуу иштеп жатабыз.

– Ишиңизге ийгилик каалайбыз. Агай, өзүңүз билгендей жакында Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракеси белгиленет. Бул залкар инсан менен сиздин мамилеңиз жакшы болгон деп угуп жүрөм. Андыктан, эскерүүлөрдүн каарманы катары сизди тандап алдык.

– Мен аябай кубанычтамын. Ооба, бизде чыгармачылык чөйрөдө жана жеке жашоодо да мамиле бар болчу. Чыңгыз ага менен көп көрүштүк, пикирлеш болуп сүйлөшүп калчубуз. Чыгармачылык кечелерге бирге барчубуз. Жада калса бир неберемдин атын Чыңгыз агам Адил деп коюп берген. Айтор, көп эле бирге жүрдүк. Жазуучу менен негизги байланышым “Бетме-бет” повестинин негизинде тартылган тасма болду да. Мен анда башкы ролду ойнодум. Коомчулук Бусурман Одуракаевди көпкө дейре Айтматовдун Ысмайылы деп кабыл алып жүрдү.

– Ошол Ысмайылдын ролуна кантип тандалып калдыңыз эле? Анда канча жашта элеңиз?

– Ысмайылдын ролун аткарганда 26 жашта элем. “Куш өмүр” тасмасына чейин Чыңгыз Айтматовдун дээрлик бардык чыгармалары экрандаштырылган экен. Анан Советтер союзу тарап бараткан чакта, тактап айтсам 1990-жылы  тасманы тартуу колго алынып, фотопроба өткөн. Андан кийин кинопроба болуп, мени тандашкан. Анткени, менин сырткы келбетим Чыңгыз
Айтматовдун прототиби Ысмайылга окшошуп кетет экен.

– Чындыгында мыкты аткаргансыз. Ошондуктан да бул роль сизди көпкө чейин ээрчип жүрдү окшойт?

– Чыңгыз агабыздын чыгармаларынын негизинде тартылган кинолордо 3 жолу роль жараттым. “Акбаранын көз жашы”, “Маңкурт” тасмаларында тартылдым. Кийин Ысмайылды ойнодум. Бул роль мени азырга чейин ээрчип жүргөндүгү чындык. Башта көпчүлүк мени терс каарман катары кабыл алышчу. Кээ бирөөлөр жек көрүшкөнгө чейин барышкан. Бир кызык окуя айтып берейин. Биз “Куш өмүр» фильмин тартып бүтүп, бетачарын өткөргөнбүз. Аны көрүүгө Сүйүнбай Эралиев, Ашым Жакыпбеков сыяктуу улуу инсандар келишкен. Кинону көрүп бүтүшкөн соң келген коноктор чайга чыгышты.  Кызыгы ошол чайга мени чакырышпай койгон. Көрсө, тасманы биринчи көргөндө Ысмайылга жек көрүү сезимдери пайда болуптур. Болбосо, башкы каарман катары мени чайга чакыруулары керек эле да. Ысмайылды жек көрүшүп, мени да көргүлөрү келишкен эмес сыягы. Анан чайга өзүм эле баргам (күлүп). Кийин Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча жолугушуулар болуп жатты. Аларга барганда да терс көз караштарды байкап калчумун. Айтматовдун 80, 90 жылдыгына карата “кино кербендер” уюштурулган. Ошондо өлкөнү кыдырууда да айрымдардын жек көрүү сезимин туйгам. Барган жерибизде фильмди көрсөтөбүз да.  Тасманы көрүп эле мени жаман көрүп жүрүштү. Ал эми өзүм менен жеке пикирлешип, сүйлөшө келгенде эле баа беришип, “сен жакшы киши турбасыңбы” деп калышчу. Азыр андай эмес. Тескерисинче, ошол образды жакшы ачып берген актёр катары кабылдоо күчөдү. Актёрлук чеберчилик деген эмне экенин түшүнгөндөр суктануу менен мамиле жасашат. Бул ролду аткаргандан кийин мага чет өлкөдөн да тасмага тартылуу сунуштары түшүп турду.

– Чындыгында чыгарма терең бир кыйчалышкан учурдагы адамдык мүнөз, сезимдерди чагылдырган эмеспи. Мен азыр тасманы кайталап көрүп, тескерисинче Ысмайылга боор тартам. Ошол кыйын кезеңдин бир курмандыгы болгондой сезим келет. Сиз кандай ойлойсуз?

– Тасма тартылаар алдында биз Таласка бардык. Кино Беш-Таш деген жайлоодо, өзүм өскөн айылдарда кыш мезгилинде тартылган. Бир айдан кийин чыгармачыл топ Ысмайылдын өзү менен таанышканы бардык.  Анда аксакал 82 жашта экен. Ошондо менде таптакыр башка ой пайда болгон. Ал согуштан коркконунан качып келбегендигин билдим.  Болгону кырдаал ошондой болуп калган. Айылга келген соң жакын тууганынын келини көк шишик болуп ооруп калгандыктан, бирөөнүн уйун уурдап келиндин үйүнө алып келип союп, ага ысык канды кесеге куюп бериптир. Ошондо келин өзүнө келип аман калган экен. Кийинчерээк түрмөгө жатып, баш аягы 17 жыл абакта болуптур. Ысмайыл мүнөзү курч, шайыр киши болчу. 82 жашында аттан кулап, буту сынып жаткан экен биз барганда.  Ал Шайыр менен Гүлназикке тамашалуу сөздөрдү айтып, колдорун кармап кетирбейм деп тамашалаган.

– Негизи сизге Айтматовдун кайсы чыгармасы жагат?

– Дээрлик баары  жагат. Өзгөчө бөлүп караганым — “Жаныбарым Гүлсары”. Анткени, бул чыгармада укмуштуудай психология жатат. Кыргыз элинин үрп-адаттары, жаныбарга жасаган өзгөчө мамилеси, кыргыз элинин мүнөзү ачылган мыкты чыгарма болгон. Чыңгыз аганын аңгемелерин да сүйүп окуйм. Мисалы,“Түнкү сугат” деген аңгемесин сценарий кылып жазып, кыска метраждуу тасма тартууну көздөгөм. Бирок, азыр түнкү сугат жок да дешип, өткөрбөй коюшкан. Быйыл да агайдын чыгармаларынын негизинде конкурска бир сценарий жазып, даярдап бергенбиз. Буйруса жыйынтыгын күтүп жатабыз.

– Убагында “Кыргыз кереметтери” деген мыкты баага татыган кинотасмалардын көпчүлүгү Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган да. Эгер сценарийиңиз өтүп калса, мурда тартылган тасмалардын деңгээлиндегидей чыгарма жарата алам деп ойлойсузбу?

– Албетте. Азыр киноиндустриянын мүмкүнчүлүктөрү жакшы. Мыкты режиссёр, сценарист, актёрлор көп. Дагы да Айтматовдун чыгармаларына мыкты тасмаларды тарта берерибизге толук ишендирип кете алам. Негизи менин жашоомдо Чыңгыз агам маанилүү ролду көп эле ээледи. Азыр да аны менен болгон байланыш үзүлө элек.  Анткени, учурда Кинематографисттер союзунун төрагасы катары  убагында Чыңгыз Айтматов 26 жыл отурган кабинетте олтурам. Бул кабинетте олтуруп агабыз кыргыздын маданиятына нечен эмгегин сиңирген. Канчалаган сценарийлер жазылып, анын негизинде мыкты тасмалар тартылган. Режиссёрлор кылдат иштеп, анын ар бир чыгармасына керемет тасмалар тартылган. “Кыргыз кереметтери” тартылган доордо өзүн жакшы көрсөтө алган рефиссёрлордун каржылык жактан колдоо да жакшы болгон. Анан да Айтматовдун мыкты чыгармаларына тасма тартпай коё албайсың. Ар бир чыгармасы пафосу жок, чыныгы жашоодон алынган окуялардан куралып, таасири өзүнө арбап алат. Каармандары чыныгы жашоодон алынган.

– Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалардын кайсынысын жактырасыз?

– “Аптап” деген кинофильм жагат. Анда актёрлор мыкты ойногон. Кинофильмде туруктуулук, көздөгөн максатына жетүү сыяктуу жакшы мүнөздөр ачылып берилген. Андан кийинки орунда “Жамийла”,“Кызыл алма” турат. “Кызыл алма” тасмасында актёрлорду тандоо жогорку деңгээлде болгон. Бул тасманы чет өлкөлүктөр көргөндө кыргыздар аябай сулуу калк келет деген ойдо калышат го деп ойлойм. Сүймөнкул Чокморов, Гүлсара Ажибекова, Таттыбүбү Турсунбаева не деген таланттар эле. Алардын сырткы келбети, актёрлук чеберчилиги баарын суктандырат. Негизи эле Айтматовдун чыгармачылыгы эч кимди кайдыгер калтырбайт. Анын уникалдуулугу ушунда. Ошондуктан, залкар жазуучуну жазуучулук өнөрдүн генийи дейбиз.

Жазгүл Кенжетаева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X