Кунтуу – Шопоков – Бишкек унаа жолун оңдоо иштери башталды

27-март, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 15
Кунтуу – Шопоков – Бишкек унаа жолун реконструкциялоо иштери башталгандыгын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзүп, учурда 6 чакырым аралыгында жумуштар жүрүп жатат. Долбоор боюнча кыйылган бактардын ордуна экиден дарак отургузулуп, аба ырайынын жакшырышы менен жер жумуштары, жолдун негизин бекемдөө, туурасын кеңейтүү, эски асфальтты сүрүп тегиздɵɵ иштери уланат.
27-март, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 15
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X