Куралчан адамдар мектептен 100дөн ашуун баланы уурдап кетишти
Нигериянын Замфара штатында куралчан адамдар мектептен 100дөн ашуун баланы жана бир нече мугалимди уурдап кетишти. Бул тууралуу Blueprint басылмасы жазды.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, куралчан согушкерлер билим берүү мекемесин күтүлбөгөн жерден басып киришкен. Буга байланыштуу Замфара штатынын губернатору Белло Матавалле аймактагы мектептерди убактылуу жабууну тапшырып, штаттын 13 аймагына коменданттык саат киргизди.
Нигерияда согушкерлер тарабынан жаш жеткинчектерди уурдоо учурлары көп кездешет. Үстүбүздөгү жылдын июль айында Нигериянын Кадуна штатындагы мектеп-интернатка кол салган куралчан топ 140 окуучуну уурдап кетишкен. Буга чейин Тегина шаарында 200 жеткинчектин уурдалганы айтылган. Жыл башынан бери өлкөдө 1000ден ашуун бала уурдалган.