Куран жана сүннөт боюнча түш жоруу

17-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дин 2138

Апа
Апаңыз түшкө кирсе бул жакшы. Эгерде түшүндө апасынын көз жарганын көрсө, анда бай адам жашоонун ак карасын көрөт. Ал эми кедей болсо бай болот.
Көзү өтүп кеткен апаңыз түшкө кирсе, анда сиздин жашооңузда сизге жакын болчу адамга жолугасыз. Апаңыз сизди уруп жатканын көрсөңүз, бул апаңыздын сизге болгон сүйүүсү жана ал сиздин тагдырыңызды ойлоп санаа тартып жатканын белгиси.

Турмушка чыгуу
Көпчүлүк учурда кыздар түшүндө турмушка чыгып жаткан болсо, чыныгы жашоодо өзүн жалгыз сезет. Эгерде ажырашкан аял же кыз түшүндө тойдо келечектеги жолдошун көрсө, анда турмушка чыгышы ыктымал. Чет өлкөлүк жигитке турмушка чыгып жаткан болсоңуз анда саякаттайсыз. Өзүңүздүн калооңуз менен турмушка узатып жатканын көрсөңүз, чыныгы жашоо сизди кыйын учурлар күтүп жатат.

Жигит
Түшүңүзгө мурунку жигитиңиз кирген болсо, анда реалдуу жашоодо сиз аны унута албай жүргөн үчүн кирген болот. Ал эми сүйгөн адамыңыз мас болуп жүргөнүн түшүңүздө көрсөңүз, анда моралдык жактан жардамга муктаж болуп жүрүшү мүмкүн.

Жылан
Ким түшүндө жылан үйүнө кирип баратканын көрсө, анда душмандары ага оор казып жатышы мүмкүн. Эгерде төшөктө турган жыланды өлтүрсө, чыныгы жашоодо ал мырзанын жубайы каза болушу мүмкүн.

Кулпунай
Кулпунайды түшүндө көргөн адам бирөөгө ашык болот.

17-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дин 2138

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X