Курулушта эң көп кездешкен мыйзам бузуу кайсы? Министр айтты

9-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 121

Курулуш долбоорунда көрсөтүлгөн талаптар сакталбаса, даяр болгон имаратты эксплуатацияга берүүгө уруксат берилбеши мүмкүн. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди.

Министрдин айтымында, айрым жарандар коммерциялык объект курууга уруксат алып, бирок курулуш учурунда бекитилген долбоордон четтеп кетишет. Мисалы, документте бир же эки кабат деп көрсөтүлгөн имаратка кошумча кабат же мансард курулуп калат.

«Ар бир объектте документте көрсөтүлгөн нормалар сакталууга тийиш. Долбоордон тышкары курулуш жүргүзүү мыйзам бузуу болуп эсептелет. Мыйзамды билбөө жоопкерчиликтен бошотпойт», — деди Нурдан Орунтаев.

Министр ошол эле учурда мындай жагдайга туш болгон жарандарга мыйзам чегинде жардам көрсөтүүгө аракет кылышарын белгиледи. Бирок курулуш талаптарын бузууга жол берилбей турганын кошумчалады.

9-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 121
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X