"Эркин-Тоо"

Куткаруучулардын ишине ажо ыраазы болду

Президент Садыр Жапаров 22-февралда Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевди кабыл алды. Министр Мамлекет башчыга ӨКМ куткаруучулары тарабынан Түркия Республикасында жүргүзүлгөн издөөкуткаруу иштери тууралуу маалымат берди.

Бообек Ажикеев Кыргызстандан барган куткаруучулардын командасы чоң иш аткарганын — өз өмүрүн тобокелге салып, куткаруучулар урандылардын астынан 8 адамды, анын ичинде жаш балдарды сактап калууга, 198 адамдын сөөгүн алып чыгууга жетишкендигин баса белгиледи. Президент куткаруучуларга Түркиядагы ири кыйроолорго алып келген жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирип, алардын иш-аракеттерин “профессионалдуу, жакшы уюшкан жана натыйжалуу” деп атады.

Мамлекет башчы министрге Түркиядагы издөөкуткаруу иштеринде өзгөчөлөнгөн куткаруучуларды сыйлоо боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды. Бул башкаларга да стимул болорун, алар мындан да мыкты иштеп, өз кесибинде өсүүгө умтула турганын баса белгиледи.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жаз-жай мезгилине мүнөздүү табигый кырсыктардын алдын алуу иштерин күчөтүү керектигине токтолуп, өзгөчө кырдаалдардын мүмкүн болушунча алдын алууга багытталган ыкчам чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.

 

 

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!