Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий жана спорттук программасы башталды
Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы маданий жана спорттук иш-чаралар старт алды.
Иш-чараларга Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышууда. Кырчында эл аралык маданий иш-чаралар жана улуттук спорттук мелдештер өткөрүлөт.
Программа «Биримдик кербени» менен башталды. Ага өлкөнүн 40 районунан келген өкүлдөр катышып, ар бир аймактан алып келинген булак суулары бир жерге топтолду. Бул жөрөлгө өлкө аймактарынын биримдигин жана ынтымагын символдоштурат.
Адылбек Касымалиев Көчмөндөр оюндары көчмөн элдердин маданиятын, каада-салтын жана улуттук спортун дүйнөгө таанытууга чоң мүмкүнчүлүк түзүп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, оюндар улуттук мурастарды сактоо менен бирге Кыргызстанды дүйнөлүк маданий жана спорттук аренада таанытууга өбөлгө түзөт.