Кырчында Баткендин тарыхы жана маданияты таанытылууда

2-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Расмий жаңылыктар 127

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосундагы «Көчмөндөр ааламы» этномаданий шаарчасында Баткен облусунун «Баткен» ордосу иштеп жатат.

Ордодо коноктор Баткендин тарыхы, салт-санаасы, улуттук баалуулуктары жана кол өнөрчүлүгү менен тааныша алышат.

Ошондой эле улуттук тамак-аштар, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери жана аймактын туристтик мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлүүдө.

«Баткен» ордосу аймактын өзгөчөлүгүн чагылдырган улуттук жасалгалар, өрүкзарлар жана Айгүл гүлүнүн элеси түшүрүлгөн композициялар менен кооздолгон.

Облустун уюштуруу тобу иш-чарага даярдыкты Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиеванын жетекчилиги алдында жүргүздү.

2-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Расмий жаңылыктар 127
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X