Кырчында «Көчмөндөр ааламы»: Этно-базар жана улуттук ашкана меймандарды тосууда
Бүгүн, 1-сентябрда, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосундагы «Көчмөндөр ааламы» этно-шаарчасы меймандарды кабыл алууда.
Этно-базарда кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгү, салттуу буюмдары жана заманбап эмгектер коюлган. Ал эми этно-ашканада кыргыздын улуттук тамактары даярдалып, чет элдик жана жергиликтүү конокторго тартууланууда.
Этно-шаарчанын расмий ачылышы 2-сентябрда өтөт. Анда маданий программа, улуттук каада-салттар, кол өнөрчүлүк жана көчмөндөрдүн жашоо-турмушун чагылдырган атайын жайлар уюштурулат.
«Көчмөндөр ааламы» 6-сентябрга чейин иштейт. Кирүү акысыз. Меймандар бул жерден кыргыз элинин тарыхы, маданияты жана салт-санаасы менен жакындан тааныша алышат.