Кыргыз депутаттары Танзанияда өтүп жаткан ПАБдын 153-ассамблеясына катышууда

9-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 79

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттары Камила Талиева, Бурул Аманова жана Табылды Муратбеков Танзаниянын Аруша шаарында өтүп жаткан Парламенттер аралык бирликтин (ПАБ) 153-ассамблеясына катышууда.

Дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүнүн парламент өкүлдөрүн бириктирген эл аралык жыйында глобалдык коопсуздук, туруктуу өнүгүү, адам укуктарын коргоо жана демократиялык институттарды чыңдоо маселелери талкууланууда.

Ассамблеянын алкагында кыргыз делегациясы бир катар өлкөлөрдүн парламент өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Анда мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашуу, парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелери каралды.Возможно, это изображение учеба, отдел новостей и текст

Иш-чаранын жүрүшүндө Парламенттер аралык бирликтин жаңы президенти болуп Австралиянын өкүлдөр палатасынын төрагасы Милтон Дик шайланды.

9-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 79
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X