Кыргыз-казак эл аралык айтыш жыйынтыкталды. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, кыргыздын төкмө акыны Жеңижоктун 160 жылдыгына жана казак акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналган кыргыз-казак эл аралык «Айтыш- 2021» сынагы кечээ 31-август күнү жыйынтыкталды.
Баш байге Асылбек Маратовго жана Айбек Калиевге ыйгарылды.
1-орун:
- Акматбек Султан уулу;
- Аспанбек Шугатаев.
2-орун:
- Нурмат Мансуров;
- Турат Жумаев.
3-орун:
- Кубат Тукешов;
- Бөрүбай Орозымбетов.
Айтыш Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Республикалык «Айтыш» коомдук фонду тарабынан уюштурулган.