Кыргыз мушкери Бангкокто өткөн беттеште 2-орунду ээледи

17-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 199

Кыргызстандык мушкер Арваз Ахмади эл аралык турнирде күмүш медаль жеңип алды. Беттеш 15-мартта Таиланддын борбору Бангкок шаарында өттү.

Мушкер 19 жашка чейинки спортчулар арасында 70 кг салмак категориясында күч сынашып, жалпы 40 мушкердин ичинен финалга чейин жетти.

Кыргызстандык боксчу турнирди 1/16 финалдан баштап, төрт беттеште жеңишке жетишти. Ал Чехиянын, Венгриянын, Англиянын жана Кытайдын спортчуларын утту.

Финалда Ахмади казакстандык Бибарыс Ашырбай менен беттешип, үч раунддун жыйынтыгында калыстар жеңишти атаандашына ыйгарды. Жыйынтыгында Арваз Ахмади 2-орунду ээлеп, күмүш медаль менен сыйланды.

17-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 199
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X