Кыргыз Республикасынын Эл артисти, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы балетмейстери Айзада ТУМАКОВА: “БАЛЕТ – СУЛУУЛУК ЖАНА ГАРМОНИЯ ӨНӨРҮ”
— Айзада айым, жакында театрдын балет труппасы Европага болгон гастролго барып келди, кандай таасир калтырды?
— Европага маданий гастролду уюштурууга жарым жылдай дыкат даярдык көрдүк. Алгачкы жолу балет солисттер классикалык балет менен бардык. Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балет чыгармачыл коллективи Европадагы, тактап айтканда Испания Королдугундагы алгачкы гастролун ийгиликтүү өткөрүп алдык. Ал жактагы күйөрмандар кыргыз балетинин жогорку деңгээлдеги хореографиялык өнөрүнө күбө болуп, артисттерди жылуу кабыл алышты. Гастролдук программада испаниялык көрүүчүлөр «Ак куу көлү», «Щелкунчик» (П. Чайковский) «Дон Кихот» (Л. Минкус) чыгармаларына күбө болушту. Гастролго кыргыз балетинин 45 артисти катышып, көрүүчүлөрдүн кабыл алуусу да өзгөчө болду. Бул чыгармачыл тур кызматкерлерге жаңы дем, эргүү тартуулады. Келечекте эки тарап чыгармачыл долбоорлорду ишке ашырууну максат кылышты. Анткени, чыгармачыл инсандар үчүн биргелешкен мындай долбоорлор иштерине шык берүү менен катар, кызматкерлерге каржылык жактан колдоого алып жакшы мүмкүнчүлүк түзүп беришти.
— Кыргыз балетинин азыркы абалы кандай?
— Кыргыз балетинин келечеги кең. Анткени, балетке кызыккан, билимдүү, изденүүдөгү таланттуу балдар, кыздарыбыз арбын. Искусствонун ичинен балет чоң эмгекти талап кылат. Солист эмгек жасабаса, изденбесе башкы максаты ишке ашпай калат. Бизде көбүнчө солисттердин жаш курактары 18 жаштан 33кө чейин болот. Эң башкасы адамдын туура кыймылы, дене түзүлүшү, салмагы балеттин ички эрежелерин камтышы зарыл. Ооба, балетке мамлекет тараптан жетишээрлик каржылык колдоо да маанилүү. Каржылоо жакшы болсо биздин кызматкерлер иш издеп, чет жактарга кетпейт эле. Ошондой эле, таланттуу окуучуларыбыз эл аралык ири театрлардан стажировка өтүүгө шарт түзүлсө жакшы болмок.
— Балет бий өнөрүнө жигиттерби же кыздар көбүрөөк кызыгабы?
— Мен опера балеттеги негизги ишимен тышкары, Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайында студенттерге балет боюнча сабак берип келем. Байкаганым, балетте балдар аз, кыздар көбүрөөк. Балет менен машыккан адамдын ички балуулуктары, дүйнөгө көз караштары да өзгөчө болот. Биздин балдар таланттуу, боорукер, эмгекчил келишет. Эң башкысы балетке адамдын кызыгуусу маанилүү. Ал эми кыргыз коомчулугунда, айрым дин ишмерлери балет искусствосу тууралуу негативдүү пикирлерди айткандары бар. Айрымдар, балет бийчилеринин кийген костюмдарына чейин асылышып, туура эмес айткан сөздөрү бизди абдан капа кылат. Чынында мындай болбошу керек. Анткени, музыка адамды эс алдырат, маданиятка үгүттөйт. Ушул нерсени унутпашыбыз керек.
— Балет көрөм деп келген көрүүчүлөр көбөйдүбү? Негизинен балеттин кайсы түрүнө көрөрмандардан талап көбүрөөк?
— Мурдагыга караганда, азыр театр, маданий жайларга келгендердин саны арбыды. Анын ичинде балетти колдоп көргөн көрөрмандарыбыз аз эмес. Биздин көрүүчүлөр көбүнчөсү классикалык, улуттук балетке кызыгат. Ар бир солисттин өз күйөрмандары болот. Өлкөдө балет кечеси, эл аралык конкурстар да өтүп турат. Мисалы, өткөн жылы жайда Ысык-Көлдө балет кечеси өткөрүлгөн. Бул иш-чарага биринчи канайым Айгүл Жапарова өзү катышып, колдоого алган. Быйыл балет ханышасы Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгына карата эл аралык конкурс уюштурулат. Уюштуруу тобу даярдыктарды баштады, иш-чара ушул жылдын ноябрь айында өтөт.
— Ал эми кыргыз балетин жаңы чыгарма, жаңы балет менен толуктоо пландарыңыздар барбы?
— Ооба, кыргыз балетинин репертуарын жаңыртуу идеялары иштелип жатат. Жаңы, заманбап, кыргыз тематикада элибиздин тарых жашоосун, маданиятын, адабиятын камтып, аны менен катар улуу «Манас» эпосун, залкар манасчыларыбыздын үндөрүн кошуп жаңы балет даярдап, жалпы элге сунуштасак деген изги максаттарыбыз бар. Санариптүүлүк, ааламдашуу агымындагы заманбап жабдуулардын коштоосунда ири, кооздук берген эффекттерди кошуп сахнага алып чыгуу планыбызда. Бул багытта балеттин музыкасын жазып берүү сунушу менен театрдын жетекчиси Муратбек Акимовичке кайрылганбыз. Агайыбыз, музыкасын жазып берсе, андан аркы даярдыктарды бышыктайбыз.
— Кызматкерлердин айлыгы, пенсиясы баштагыдан көтөрүлдүбү?
— Негизи 20 жыл иштеген балет артисттери жана бий жамааттары мамлекеттен пенсия алышат. Мисалы, эл артисттери менен кадимки кызматкерлерге бирдей суммадагы пенсия чегерилген. Бул жерде эл артисттери персоналдык пенсия каралса жакшы болот эле. Ал эми кызматкерлердин айлыктары 13-22 миң сомду түзөт. Бизде көбүнчө жаштар иштешет. Бул акча алардын баскан турганына, батиринин ижара акысына да жетпей калат. Мамлекет апрель айынан тартып маданият кызматкерлеринин маянасын көтөрүүнү колго алууда. Бул жаңылыкка жалпыбыз сүйүнүп турабыз. Кызматкерлерибиз жеке турак жайга муктаж. СССР кезинде Бишкекте Опера балет театрынын жатаканасы бар болчу . Ал жатаканабыз 90-жылдары жеке тараптарга өтүп кеткени айтылат. Мындан улам мамлекет биздин артисттердин турак жай маселесин да карап берсе дейбиз. Артисттердин айлыгынан тышкары, ай сайын стипендия каралса да жакшы болоор эле. Мындай колдоолор болсо жаш кадрларга дем бермек. Акыркы жылдары мамлекеттин маданият тармагына колдоосу жакшырып баратат. Анын ичинде биздин театр заманбап жабдуулар менен жабдылууда.
Мээрим Бактыбек кызы