Кыргыз Республикасынын Эл мугалими Аман Сманбаев каза болду — Некролог
Кыргыз Республикасынын Эл мугалими Аман Сманбаев 87 жаш курагында дүйнө салды.
Аман Сманбаев 1934-жылы Нарын областынын Тянь-Шань районунун Жерге-Тал айылында туулган. 1950-жылы Нарын шаарындагы Г.Дмитров атындагы педагогикалык окуу жайын, 1953-жылы Н.В.Гоголь атындагы мугалимдер институтун жана 1961-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетин бүтүргөн.
Ал өмүрүнүн 60 жылын келечек ээлерине билим берүүгө арнаган. Тянь-Шань районунун жана Талас шаарынын мектептеринде мугалим, Тянь-Шань районунун Жерге-Тал жана Казан-Куйган жалпы билим берүүчү мектептеринде окуу бөлүмүнүн башчысы жана директор болуп көп жыл иштеген.
Аман Сманбаевич мугалим жана мектеп жетекчиси катары окуучулары билим берүүнүн жаңы ыкмаларын өздөштүрүүсү, эмгек жамаатында педагогикалык жаӊычыл ой жүгүртүүлөр жаралуусу, мугалимдер арасында алдыӊкы тажрыйбалар кеңири жайылуусу, билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базаларын жакшыруусу үчүн зор уюштуруучулук жана аткаруучулук ишмердиктерин талыкпай аткарган. Бул жылдары жүздөгөн окуучулары мектеп парталарын артта калтырышып, Мекен жүгүн аркалоого аттанышкан. Аман Сманбаевден билим алган окуучулардын үчөө илимдин доктору, 25тен ашыгы илимдин кандидаты болушту.
Ал мыкты мугалим жана айтылуу жетекчи гана болбостон, кыргыз тили жана адабияты боюнча орошон изилдөөлөрдү жүргүзгөн окумуштуу да болгон. Ал 6-класстын «Кыргыз адабияты» окуу китебине авторлош жана «Жат жазуулар жыйнагы» (V–VIII класстар үчүн), «Жат жазуулар жыйнагы» (IX–XI класстар үчүн), «Кыргыздын Ала-Тоосу», «Баяндамалар жыйнагы» деп аталган окуу-колдонмолордун автору болуп саналат. А.Сманбаев 120дан ашык илимий-методикалык колдонмолорду жазып, мектеп тажрыйбасына сунуш кылган.
Аман Сманбаев көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз ССР Жогорку Советинин ардак грамотасы, Кыргыз ССР элге билим берүү министрлигинин ардак грамотасы, «Эмгек каарманы» медалы жана В.И.Лениндин 100 жылдыгына арналган юбилейлик медалы менен сыйланган. Анын эмгектери өз кезегинде СССР эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүндө коло медалга татыган. Көп жылдар бою райондук жана айылдык кеңештердин депутаты болуп эмгектенген. «Нарын областынын ардактуу атуулу» ардак наамынын ээси.
Аман Сманбаевдин билим берүү тармагындагы талбаган эмгеги жогору бааланып, ага 1967-жылы «Эл агартуунун отличниги», 1976-жылы «Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген мугалими», 2002-жылы «Кыргыз Республикасынын Эл мугалими» ардак наамдары берилген.
Агай өмүрлүк жары Зуура Касымова менен 11 уул-кызды татыктуу тарбиялашты. Балдарынын баары жогорку билимге ээ болушуп, өлкөнүн булуң-бурчтарында үзүрлүү эмгек өтөп жатышат.