Кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу
Бүгүн, 3-майга карата кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди. «Чек арага жакын айылдардагы коопсуздукту милиция кызматкерлери ички аскерлер жана башка күч түзүмдөр менен биргеликте көзөмөлдөшүүдө. Милиция кызматкерлери коюлган блок посттордо, чек арага чектеш аймактарда коопсуздук чараларын күчөтүп, жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат»-делет билдирүүдө.