Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан жүргүзүлгөн кезектеги текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуу фактысы аныкталды.
11-июнда жүргүзүлгөн көзөмөл иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы №30 даректе уруксат берүүчү документтерсиз курулуш иштери башталгандыгы белгилүү болду. Такталган маалыматка ылайык, мамлекеттик курулуш реестрине катталбастан жер казуу иштери жүргүзүлүп жаткан.
Текшерүү учурунда бул объект Кыргыз-Түрк “Манас” университетине таандык 1100 орундуу жатакананын курулушу экени аныкталды.
Мыйзам бузуу фактысынын негизинде курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Битрейд Импекс” ЖЧКсына протокол түзүлүп, 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин курулуш-монтаждоо иштери токтотулду.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти бардык курулуш уюмдарын шаар куруу жана курулуш ченемдерин так сактоого чакырып, уруксатсыз иштерге мыйзамга ылайык жоопкерчилик караларын эскертти.