Кыргыз жана кытай жазуучуларынын кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча макулдашууга кол коюлду

18-июнь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 109

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунда Кытай Жазуучулар ассоциациясынын төрагасы Чжан Хунсэн жетектеген делегация менен расмий жолугушуу болуп өттү. Делегациянын курамында адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь да болду.

Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун Адабиятчылар үйүндө өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев жана Кытай Жазуучулар ассоциациясынын төрагасы Чжан Хунсэн баштаган өкүлдөр катышты.Возможно, это изображение один или несколько человек

Тараптар кыргыз-кытай адабий байланыштарынын учурдагы абалын жана келечектеги өнүгүү перспективаларын талкуулашты. Кытай тарап заманбап кытай адабиятынын өнүгүшү, эл аралык адабий кызматташтыктагы жетишкендиктери жана адабий процесстеги жаңы тенденциялар тууралуу маалымат берди.

Жолугушууда эки өлкөнүн жазуучулар уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, жазуучулардын өз ара сапарларын уюштуруу, адабий чыгармаларды которуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся и текст

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу менен Кытай Жазуучулар ассоциациясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Тараптар бул документ кыргыз-кытай адабий жана маданий байланыштарын мындан ары да чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.

Кытай делегациясынын курамына Кытай Эл Республикасынын мурдагы маданият министри Ван Мэн, Кытай Жазуучулар ассоциациясынын төрагасы Чжан Хунсэн, ассоциациянын тышкы байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Чжан Хунбин жана адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь кирди.кирди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X