Кыргыздын духу. Эки кызды тосууга Таластан атчан жигиттер жөнөдү

21-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 858

Кытайдан ат минип Кыргызстанды көздөй сапар тартып келе жаткан эки кыргыз кызын тосуп алууга Таластан төрт атчан жигит “Торугарт” чек ара бекетине жөнөп кетишти.

Бүгүн, 21-майда, аларды узатуу аземи Талас шаарынын борбордук аянтында өтүп, иш-чарага Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев катышты.

Эске салсак, белгилүү блогер кыргыз кызы Ризаа сиңдиси менен бирге Кытайдан Кыргызстанга атчан сапарга чыккан. Аларды Кытайдагы кыргыз айылдары өзгөчө шаан-шөкөт менен тосуп алып, урмат-сый менен узатып жатышат.

Маалыматка ылайык, сапар Кытайдын Кызыл-Суу автоном облусунан башталган. Жалпы узундугу 4 миң чакырымдан ашкан жолдун соңу Талас облусунда жыйынтыкталат. Учурда саякатчылар Кыргызстан аймагына жакындап келишти.

21-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 858
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X