Кыргызстан 2026-жылы 4 млрд кВт сааттан ашык электр энергиясын импорттойт

8-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 165

Кыргызстан 2026-жылы электр энергиясына болгон керектөөнү камсыздоо жана энергетикалык системанын туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн чет өлкөлөрдөн электр энергиясын алууну пландап жатат.

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков “Ачык кабинет” медиадолбоорунун алкагында билдиргендей, коңшу жана өнөктөш мамлекеттер менен тиешелүү келишимдер түзүлүп, жалпы 4 млрд 99 млн кВт саат электр энергиясын импорттоо каралган.

Анын маалыматына ылайык, импорттолгон электр энергиясы ички өндүрүштөгү көлөм менен айкалышып, өлкөнүн энергетикалык системасындагы жүктөмдү тең салмактоого жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

8-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 165
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X