Кыргызстан 55-орунду ээледи
CEOWORLD журналынын «Дүйнө өлкөлөрүнүн 2020-жылдагы билим берүүсү боюнча» чыгарган рейтингде Кыргызстан 55-орунду ээледи. Рейтингде дүйнөнүн 93 мамлекетиндеги билим берүү системасын салыштырылган. Билим берүүнүн сапаты жана мүмкүнчүлүктөрү салыштырылган. Рейтингде биринчи катарды Улуу Британия, экинчи катарды АКШ, үчүнчү катарды Австралия ээлеген. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Орусия 36-катарга, Кыргызстан 55-катарга, Казакстан 62-катарга, Азербайжан 69-катарга, Түркмөнстан 86-катарга жайгашкан.