Кыргызстан адам сатууга каршы күрөштө кандай чараларды колдонот?
Адам сатуу — адамдын эркиндигин чектеп, аны мажбурлап эмгектенүүгө, сексуалдык эксплуатацияга, кайырчылыкка же башка максаттарда пайдаланууга багытталган оор кылмыштардын бири. Бул көйгөй бир гана мамлекеттин эмес, бүтүндөй дүйнөлүк коомчулуктун коопсуздугуна байланыштуу маселеге айланган.
Адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү максатында дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө мыйзамдык жана уюштуруучулук чаралар көрүлүп келет. Кыргызстанда да адам сатуунун алдын алуу, кылмыштарды аныктоо, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу жана жабырлануучуларга жардам көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Негизги коркунучтардын бири
Кыргызстанда адам сатууга каршы күрөштүн негизги багыттарынын бири — алдын алуу. Бул багытта мамлекеттик органдар, укук коргоо органдары эл аралык жана бейөкмөт уюмдар кызматташып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет.
Айрыкча чет өлкөгө иштегени чыгып жаткан жарандарга адам сатуунун коркунучтары тууралуу маалымат берүү маанилүүгү келип чыкты. Анткени адам сатуучулар көп учурда жабырлануучуларды мыйзамдуу жумуш берүү сунушу, жогорку айлык акы же жакшы шарт түзүп берүү убадасы менен азгырышат. Андыктан биздин өлкөдө да адам сатууга байланыштуу кылмыштар мезгил-мезгили менен катталып турат. Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык, 2024-жылы адам сатуу боюнча 20 кылмыш катталган. Бул көрсөткүч адам сатуу коркунучунун өлкөдө бар экендигин жана ага каршы күрөш, көзөмөл болушу керектигин айгинелеп турат. Акыркы жылдары катталган айрым иштерде миграция, мажбурлап эмгектендирүү, сексуалдык эксплуатация, балдарды мыйзамсыз берүү жана адам органдарын мыйзамсыз алуу сыяктуу көрүнүштөр кездешкен. Мисалы, 2024-жылы УКМК чет өлкөлүк жарандарды жеңил өнөр жай тармагында иштетүүгө байланыштуу ишти аныктаган. Маалыматка ылайык, алардын документтери алынган, эмгек акысы төлөнбөй, коркутуу жолу менен иштетилгени айтылган. Иштин алкагында иш берүүчү жана ага жардам берген милиция кызматкери кармалган. Ошондой эле ошол эле жылы социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдүн балдарына мыйзамсыз камкордук жана асырап алуу документтерин уюштуруп, аларды чет өлкөгө чыгарып, сатууга байланышкан трансулуттук топ аныкталганы тууралуу маалымат берилген. Мындан тышкары УКМК адам органдарын мыйзамсыз алуу жана чет өлкөгө жөнөтүүгө байланыштуу трансулуттук каналдын аныкталганын билдирген. Жогоруда биз санап өткөн фактылар Кыргызстанда адам сатууга байланыштуу кылмыштардын формалары ар түрдүү болушу мүмкүн экендигин көрсөтүп турат. Негизги маселе ушунда.
Жарандарды чет өлкөгө жумушка жөнөтүүдөгү көзөмөл
Адам сатууга каршы күрөштө эмгек миграциясы багытындагы көзөмөлдүн да мааниси чоң. 2026-жылдын январында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Түркияга кыргызстандыктарды жумушка жөнөтүүдө мыйзам бузууларды аныктап, төрт компаниянын уруксатын убактылуу токтоткон.
Текшерүүдө уруксат алуу үчүн берилген документтерде, анын ичинде чет өлкөлүк иш берүүчүлөр жана ортомчулар менен болгон кызматташтык тууралуу маалыматтарда мыйзам талаптарына туура келбеген жагдайлар аныкталганы айтылган. Бул жерде белгилей кетүүчү маанилүү нерсе, мыйзам бузган же уруксаты токтотулган компанияны автоматтык түрдө адам сатууга тиешеси бар деп айтууга болбойт. Бирок, мындай көзөмөлдүн максаты мыйзамсыз ортомчулуктун жана жарандардын эксплуатацияга туш болуу коркунучунун алдын алуу болууда. Ошондуктан чет өлкөгө жумушка кетип жаткан жарандар иш берүүчү жана ортомчу компания тууралуу маалыматты алдын ала текшерип, расмий эмгек келишимин түзүп, паспортун белгисиз адамдарга бербеши керектиги эскертилип тиешелүү министрлик жарандарды сак болууга чакырып, мыйзамдуу иштеген компаниялардын тизмесин да жарыялаган.
Интернеттеги жарнамалар
Акыркы жылдары адам сатуучулар интернетти жана социалдык тармактарды да өз максатында колдонууну күчөттү. Мисалы, социалдык тармактарда: «чет өлкөдө жогорку айлык акы төлөнүүчү жумуш бар», «мейманканага кызматкер керек», «бала багуучу керек», «тажрыйбасыз эле жакшы акча табасың» деген сыяктуу сунуштар жарыяланышы мүмкүн. Албетте, мындай жарнамалардын баары эле кылмыштуу максатта түзүлбөйт. Бирок, шектүү сунуштардын артында мыйзамсыз иш жүргүзгөн адамдар турушу мүмкүн. Ошондуктан интернет аркылуу жумуш сунушталган учурда иш берүүчүнүн ким экенин, компаниянын катталганын, жумуштун дарегин жана эмгек шарттарын текшерүү зарыл. Жаран чет өлкөгө кетээрден мурун эмгек келишиминин көчүрмөсүн жакындарына калтырып, өзүнүн документтеринин көчүрмөлөрүн сактап койгону туура.
Балдар коргоого муктаж
Адам сатуу коркунучунда балдар өзгөчө аялуу топ болуп саналат. Алар мажбурлап эмгектенүүгө, кайырчылыкка, сексуалдык эксплуатацияга же башка мыйзамсыз иштерге тартылышы мүмкүн. Айрыкча ымыркай балдарды сатуу фактыларынын алдын алуу маанилүү. Айрым учурларда тилекке каршы ымыркайларды өз энелери башкаларга арзыбаган каражатка сатып жиберген фактылар катталгандыгы зээнди кейитет. Бул түздөн-түз адам сатуу фактысы болуп саналып, жазасы да оор. Мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу калк арасында, мектептерде, социалдык мекемелерде жана ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү маанилүү. Балдарга байланыштуу кылмыш иштери катталып калбашы үчүн ата-энелер баланын кимдер менен байланышып жатканына, интернеттеги мамилелерине жана белгисиз адамдардын сунуштарына көңүл бурушу керек. Өзгөчө балага чет өлкөгө чыгуу, жумушка орношуу же оңой акча табуу сунушталган учурларда сактык талап кылынат.
Мыйзамдык негиз
Кыргызстанда адам сатууга каршы күрөшүүнүн укуктук базасы түзүлгөн. Негизги документтердин бири 2005-жылдын 17-мартындагы №55 «Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө» мыйзам. Бул мыйзам адам сатуунун алдын алуу, аны аныктоо жана бөгөт коюу, мамлекеттик органдардын ишин координациялоо, ошондой эле жабырлануучуларды коргоо жана аларга жардам көрсөтүү маселелерин жөнгө салат. Мындан тышкары, адам сатууга байланыштуу кылмыштар үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган. Кыргызстандын Конституциясы да адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону негизги принциптердин бири катары бекитет. Адамдын эркиндигин мыйзамсыз чектөөгө, кулчулукка жана адамды эксплуатациялоого жол берилбейт. Өкмөт тарабынан да Кыргызстанда адам сатууга каршы мамлекеттик программалар кабыл алынып, анда алдын алуу, кылмыштарды аныктоо, кылмышкерлерди жоопкерчиликке тартуу жана жабырлануучуларды коргоо боюнча чаралар каралган.
Эл аралык кызматташтык
Адам сатуу көбүнчө бир нече мамлекеттин аймагын камтыган трансулуттук кылмышка айланышы мүмкүн. Мисалы, адам Кыргызстанда жалданып, башка мамлекетке чыгарылып, ошол жакта эксплуатацияланышы ыктымал. Мындай кылмышка каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташтык өзгөчө маанилүү. Кыргызстан адам сатууга каршы күрөшүүдө БУУнун адамдарды, өзгөчө аялдарды жана балдарды сатуунун алдын алуу, бөгөт коюу жана жазалоо жөнүндө протоколунун талаптарын да эске алат. Бул документ эл аралык деңгээлде «Палермо протоколу» катары белгилүү.
Эл аралык тажрыйбада адам сатууга каршы күрөшүүнүн үч негизги багыты белгиленет. Биринчиси — алдын алуу. Калкка маалымат берүү, мигранттардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, жумушсуздук жана социалдык аялуулук сыяктуу тобокелдик факторлорун азайтуу. Экинчиси — кылмышкерлерди жоопкерчиликке тартуу. Мында укук коргоо органдары адам сатуу фактыларын аныктап, тергөө жүргүзүп, күнөөлүү адамдарды сот аркылуу жоопкерчиликке тартат. Үчүнчүсү- жабырлануучуларды коргоо. Башкача айтканда, жабырлануучуларга коопсуз жай, медициналык, психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүү, документтерин калыбына келтирүүгө жана коомго кайра аралашуусуна көмөк көрсөтүү.
Дүйнөлүк масштабдагы көйгөй
Эл аралык эмгек уюмунун 2022-жылдагы глобалдык баалоосуна ылайык, дүйнөдө каалаган бир күндө 27,6 миллион адам мажбурлап эмгектенүү шартында болгон. Бирок, бул көрсөткүчтү адам сатууга дуушар болгон адамдардын саны менен түз теңөөгө болбойт. Мажбурлап эмгектенүү менен адам сатуу бири-бири менен тыгыз байланыштуу болгону менен, укуктук жана статистикалык жактан бирдей түшүнүк эмес. Ошондуктан адам сатууга байланыштуу расмий катталган кылмыштардын саны көйгөйдүн толук масштабын көрсөтпөшү мүмкүн. Мындай кылмыштар көбүнчө жашыруун жасалып, жабырлануучулар корккондуктан же укуктук мүмкүнчүлүктөрүн билбегендиктен укук коргоо органдарына кайрылбай калышы ыктымал дешет адистер. Андыктан адам сатууга каршы күрөштү күчөтүү үчүн биринчи кезекте калктын укуктук жана маалыматтык сабаттуулугун жогорулатуу сунушталат. Мындан тышкары укук коргоо органдарынын, социалдык кызматтардын, эл аралык жана коомдук уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү керек.
Жазгүл Кенжетаева