Кыргызстан алдыда
Норвегиянын Осло шаарында чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында ага катышкан 27 өлкөнүн ичинен Кыргызстан медалдар жарышынан 5-орунду ээледи. Ал эми Казакстан бир күмүш, бир коло медалы менен 15-орунда турат. Ал эми Өзбекстан, Тажикстан, Кытай чемпионатка катышкан эмес.
Кыргызстан намысын коргогон балбандар кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы коло, эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев күмүш, Алибек Осмонов коло жана грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков күмүш медаль утуп келишти. Бул Кыргызстандын дүйнө чемпионатында биринчи жолу алдыңкы бештикке кириши болуп эсептелет.