Кыргызстан Азия өлкөлөрү менен тарыхый мурастарды коргоо жаатында кызматташат

18-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 122
2026-жылдын 18-октябрында Кытай Эл Республикасынын Чжэцзян провинциясынын Ханчжоу шаарында Азиядагы маданий мурастарды коргоо боюнча альянстын (ACHA) Кеңешинин төртүнчү жыйыны өттү. Жыйын маданий мурастарды сактоо жана коргоо, бул багытта заманбап технологияларды колдонуу, ошондой эле Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине арналды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов катышып, өз сөзүндө Кыргыз Республикасы Альянстын алкагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Ал уюмду тажрыйба алмашуу, кесиптик байланыштарды чыңдоо жана маданий мурастарды сактоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн маанилүү аянтча катары баалады.
Ошондой эле маданий мурастарды коргоо жаатындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүнө токтолуп, реставрация, археология жана тарыхый эстеликтерди коргоо багыттарында адистерди даярдоону, тажрыйба алмашууну жана практикалык семинарларды уюштурууну сунуштады.
Мындан тышкары, маданий мурастарды сактоо иштеринде санариптик технологияларды кеңири колдонуунун маанисин белгилеп, электрондук каталогдорду, санариптик архивдерди жана тарыхый эстеликтердин үч өлчөмдүү моделдерин түзүү, ошондой эле биргелешкен илимий-изилдөө жана көргөзмө долбоорлорун ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.
Министрлик Альянстын алкагында практикалык демилгелерди колдоого жана Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы маданий байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирди.
18-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 122
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X