Кыргызстан Boeing учактарын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады

19-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 129

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Boeing корпорациясынын жетекчилиги менен кыргыз авиакомпанияларына учак жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушуу 19-октябрда Самарканд шаарында «Борбордук Азия – АКШ» форматындагы министрлер жолугушуусунун алкагында өттү. Ага Boeing компаниясынын эл аралык операциялар жана саясат боюнча вице-президенти Майк Шнабель катышты.

Тараптар жарандык авиация жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү, учактарды жеткирүү боюнча атаандаштыкка жөндөмдүү сунуштарды даярдоо жана каржылоо шарттарын талкуулашты.

Ошондой эле АКШнын Экспорттук-импорттук банкынын каржылоого катышуу мүмкүнчүлүгү, учактарды техникалык тейлөө жана авиациялык инфраструктураны өнүктүрүү маселелери каралды.

19-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 129
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X