Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинде тынчтык жана адилеттүүлүк принциптерин карманат

16-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 99

Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги ишмердигинде адилеттүүлүк жана эл аралык талаштарды тынчтык жолу менен жөнгө салуу принциптерин негизги багыт катары карманат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев «Кабар» агенттигинин «Ачык кабинет» подкастында билдирди.

Министрдин айтымында, мындай позицияны өлкө жетекчилиги белгилеген. Кыргызстан каралган ар бир маселе боюнча өз алдынча талдоо жүргүзүп, адилеттүү чечимдерди колдоого аракет кылат.

«Кандай гана маселе болбосун, биз аны так билип, адилеттүүлүк тарапта болушубуз керек. Экинчиден, биз дайыма тынчтыктын тарабында болобуз», — деди Жээнбек Кулубаев.

Ал белгилегендей, Кыргызстан Коопсуздук кеңешинде дүйнөдө бир катар эл аралык жаңжалдар жана ири мамлекеттердин кызыкчылыктары кесилишкен шартта иш алып барат.

Өлкө туруктуу жана туруктуу эмес мүчөлөр менен кызматташтыкты өнүктүрүп, компромисстик чечимдерди табууга жана Кыргызстанды колдогон мамлекеттердин кызыкчылыктарын эске алууга ниеттенүүдө.

Тышкы иштер министри Кыргызстан кайсы бир ири державанын тарабын карманбай турганын белгилеп, өлкөнүн позициясы так, жүйөлүү жана эл аралык коомчулук үчүн түшүнүктүү болушу керектигин айтты.

Ошондой эле кыргыз дипломаттары ар бир маселени кылдат изилдеп, бардык тараптардын көз карашын эске алуу менен чечимдердин мүмкүн болгон укуктук жана саясий таасирин алдын ала баалоого тийиш.

Жээнбек Кулубаев Кыргызстан БУУнун жана Коопсуздук кеңешинин эл аралык тынчтык менен коопсуздукту камсыздоодогу ролун бекемдөөгө салым кошо турганын кошумчалады.

16-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 99
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X