Кыргызстан Чехияга жол жана темир жол долбоорлорун тааныштырды
Үстүбүздөгү жылдын 14-октябрында, «Ырыс Ордо» конгресс-холлунда Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Чехия Республикасынын транспорт министри Иван Беднарик менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Кыргызстан менен Чехиянын транспорт жана логистика тармагындагы кызматташтыгын бекемдөө, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана келечектүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Атап айтканда, кыргыз тарап транспорттук инфраструктурага чех инвестицияларын тартуу, автомобиль жолдорун курууда жана модернизациялоодо европалык заманбап технологияларды колдонуу, ошондой эле темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттардан экенин белгиледи.
Мындан тышкары, жолугушууда эл аралык автомобиль ташууларын жөнгө салуучу укуктук базаны түзүү, эки өлкөнүн ортосунда эл аралык автомобиль каттамдары жөнүндө эки тараптуу келишим иштеп чыгуу жана транзиттик ташууларды уруксат бланктарын колдонбостон жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды. Бул чаралар административдик тоскоолдуктарды азайтууга жана эки өлкөнүн жүк ташуучулары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Ошондой эле тараптар транзиттик потенциалды жогорулатуу, жаңы транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, транспорттук-логистикалык борборлорду түзүү, жүк ташууларды координациялоону жакшыртуу жана санариптик технологияларды киргизүү маселелерин карашты.
Ошол эле учурда транспорт жана логистика тармагындагы адистерди даярдоо боюнча биргелешкен билим берүү программаларын уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү да талкууланды.
Мындан тышкары, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын автомобиль жолдорун куруу жана темир жол транспортун өнүктүрүү боюнча келечектүү долбоорлору тааныштырылды.
Жыйынтыгында тараптар сунушталган долбоорлор эки өлкөнүн ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана транспорт тармагында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болоруна ишеним билдиришти.