Кыргызстан Дубайдагы аймактык сессияда инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды
Кыргызстан «Boosting Exports through FDI in Central Asia» эл аралык демилгесинин алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында өткөн түз чет өлкөлүк инвестицияларды (ТЧӨИ) тартууга арналган аймактык сессияда өлкөнүн инвестициялык потенциалын тааныштырды.
Демилге Эл аралык ислам соода-каржы корпорациясы (ITFC) тарабынан БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн Экономикалык жана социалдык комиссиясы (ESCAP) менен биргеликте, Trade Connect Central Asia+ (TCCA+) программасынын колдоосу менен ишке ашырылууда.
Иш-чарада Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов катышып, өлкөнүн инвестициялык потенциалы боюнча презентация жасады.
Борбордук Азия эл аралык инвестициялар үчүн келечектүү аймак катары позициясын бекемдеп баратканы белгиленди. Аймакка багытталган жарыяланган greenfield-инвестициялардын көлөмү 2022-жылдагы 12 млрд АКШ долларынан 2025-жылы 27 млрд АКШ долларынан ашты.
Дамирбек Бикулов Кыргызстан үчүн энергетика, кайра жаралуучу энергия булактары, өнөр жай, транспорт жана логистика, айыл чарба жана кайра иштетүү, туризм, инфраструктура жана санариптик технологиялар сыяктуу тармактардын инвестиция тартуу жаатындагы келечегин белгиледи.
Катышуучулар аймактык нарк түзүү чынжырларын өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, чек аралык инфраструктураны чыңдоо жана инвесторлордун Борбордук Азия өлкөлөрүнүн рынокторуна чыгуусун кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча макулдашылган аймактык ыкманы калыптандыруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Бул ыкма инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана Борбордук Азиянын эл аралык нарк түзүү чынжырларындагы ролун жогорулатууга багытталат.