"Эркин-Тоо"

Кыргызстан менен Өзбекстан Бүргөндүдөгү газ кампасын бирге иштетүүнү пландоодо

Баткен облусунун Бүргөндү массивиндеги газ кампаны биргелешип иштетүү боюнча Кыргызстан жана Өзбекстандын мекемелер аралык жумушчу топтору 10-апрелде Кадамжай районунда жолугушту.

Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы 11-апрелде билдирди. Маалыматка караганда, тараптар аймактагы жер алдында жайгашкан газ кампасын калыбына келтирүү маселесин талкуулашты.

Жолугушууга Кыргызстандан энергетика министринин орун басары Таалайбек Толубаев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, «Кыргызтранснефтегаз» мамлекеттик ишканасынын директору Сүйүнтбек Аликеев баштаган жумушчу топ катышкан.

Бүргөндү массивиндеги газ кампасынын мүмкүнчүлүгүн изилдөө, калыбына келтирүү долбоорун даярдоо тууралуу документке Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин былтыр жыл аягында Кыргызстанга болгон иш сапарында кол коюлган.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!