Кыргызстан менен Армения бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту
Бүгүн, 17-октябрда, Ереван шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Армения Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында кыргыз-армян кызматташтыгын чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Кабыл алынган документтердин тизмеси: Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаров менен Армения Республикасынын Премьер-министри Н. Пашиняндын биргелешкен билдирүүсү; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын сапарлары жана жүрүү тартиби жөнүндө макулдашуу; Кыргыз Республикасы менен Армения Республикасынын ортосундагы 2027–2029-жылдарга кызматташуу жөнүндө жол картасы; Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен Армения Республикасынын Билим берүү, илим, маданият жана спорт министрлигинин ортосундагы билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу; Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Армения Республикасынын Билим берүү, илим, маданият жана спорт министрлигинин ортосундагы билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндөмеморандум; Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Армения Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин ортосундагы Ысык-Көл жана Севан көлдөрүн сактоо боюнча кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Армения Республикасынын Эмгек жана бакубаттуулук министрлигинин ортосундагы Пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Армения Республикасынын Юстиция министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандуму; Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен Армения Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум; Бишкек шаары (Кыргыз Республикасы) менен Ереван шаарынын (Армения Республикасы) ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү жөнүндө макулдашуу.