Кыргызстан менен Австрия туризм тармагына адистерди даярдоодо кызматташат

14-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Билим 84

Кыргызстан менен Австрия туризм тармагына керектүү квалификациялуу адистерди даярдоо жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча кызматташууну талкуулашты.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Австрия Республикасынын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү агенттигинин (АЭСР) өкүлдөрү менен жолугушуп, Австриянын тажрыйбасын Кыргызстанда колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн карады.

Жолугушууда Республикалык инновациялык туристтик кесиптик «Ак-Суу» лицейин өнүктүрүү, кесиптик стандарттарды жана окуу программаларын жаңылоо маселелерине көңүл бурулду. Ошондой эле мейманкана жана туристтик тейлөө, тоо туризми багыттарында адистерди даярдоо жана практикага багытталган окутууну киргизүү талкууланды.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Австрия тарап туризм тармагынын кадрларга болгон муктаждыгын изилдөөнү жана анын жыйынтыгында лицейди өнүктүрүүнүн, окуу базасын жабдуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоону сунуштады.

Тараптар кызматташтыкты улантып, туризм тармагындагы кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча биргелешкен кадамдарды иштеп чыгууга кызыкдар экенин билдиришти.

14-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Билим 84
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X