Кыргызстан менен Азербайжан транзит, энергетика жана туризм тармагындагы кызматташтыкты күчөтөт
Кыргызстан менен Азербайжан транспорт, энергетика жана туризм тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билдирди.
Анын айтымында, тараптар транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдаланууга өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле Ортоңку коридорду өнүктүрүүдөгү Азербайжандын маанилүү ролу белгиленди.
Мындан тышкары, энергетика тармагындагы биргелешкен долбоорлор жана кызматташтыктын жаңы багыттары талкууланды.
Жапаров бүгүн Ысык-Көлдүн жээгинде Азербайжан тарабынан курулган алгачкы беш жылдыздуу мейманкана ачыларын айтып, бул долбоор өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүүгө салым кошорун белгиледи.