Кыргызстан менен Германия билим берүү жана инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

12-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 82

Бүгүн, 12-октябрда, Жогорку Кеңештин комитет төрайымы Эльвира Сурабалдиева Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Ленхард менен жолугушту.

Тараптар парламенттер аралык байланыштарды бекемдөө, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле билим берүү тармагындагы биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.

Эльвира Сурабалдиева Германиянын уюмдары колдогон айрым билим берүү программаларын каржылоо кыскарышы мүмкүн экенине тынчсыздануусун билдирип, аларды колдоонун альтернативдүү жолдорун кароону сунуштады.

Өз кезегинде элчи Моника Ленхард билим берүү жана академиялык программаларды колдоону улантууга даяр экенин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-герман кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

12-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 82
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X