Кыргызстан менен Ирак энергетика жана соода тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

19-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 106

Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин 52-сессиясынын алкагында Багдад шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов менен Ирак Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Мохаммед Хусейн Мохаммед Бахр Аль-Улумдун ортосунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-ирак эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле саясий диалогду мындан ары өнүктүрүү жана эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү келечегин талкуулашты.

Саясий кызматташтыкты чыңдоо, соода-экономикалык байланыштарды активдештирүү, инвестиция, энергетика, билим берүү, маданият жана туризм тармактарындагы байланыштарды кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны толуктоо боюнча макулдашууга жетишилди. Иш сапардын алкагында К. Турсункулов Ирак Республикасынын Өкүлдөр кеңешинин энергетика, эл аралык кызматташтык, транспорт жана соода маселелери боюнча парламенттик комитеттеринин депутаттары менен да жолугушту. Жолугушууга Энергетика боюнча комитеттин төрагасы Харем Камал Ага башчылык кылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-ирак кызматташтыгын соода-экономикалык жана энергетика тармактарында кеңейтүү, транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле парламенттер аралык диалогду активдештирүү келечеги талкууланды. Тараптар биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү үчүн колдо болгон потенциалды пайдалануу маселелери боюнча пикир алмашышты. Мындан тышкары, Ирак Республикасынын мунай министринин орун басары Эзат Сабир Эсмаил менен өзүнчө жолугушуу болуп өттү.

Анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-ирак кызматташтыгын мунай-газ жана энергетика тармактарында өнүктүрүү келечегин, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле энергетика жаатындагы өз ара аракеттенүүнү жана өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар кыргыз-ирак кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

19-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 106
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X