Кыргызстан менен Кытай чек ара жана соода кызматташтыгын кеңейтүүнү талкуулашты

14-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 133

2026-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз менен видео байланыш форматында сүйлөшүү өткөрдү.

Жолугушууга Кыргызстандын жана Кытайдын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.

Тараптар сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү пункттарынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу маселесин талкуулашты.

Мындан тышкары, Кыргызстандан Кытайга айыл чарба продукцияларын экспорттоону өнүктүрүү жана кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Белгиленгендей, учурда эки өлкөнүн ортосунда айыл чарба продукцияларынын ар кандай түрлөрүн экспорттоо боюнча 17ге жакын протоколго кол коюлган. Ошондой эле Ош аэропортунун аймагында жүк кампасын түзүү демилгеси каралды.

Жолугушууда учурда активдүү курулуп жаткан “Барскоон–Бедел” автожолунун курулушуна керектелген атайын техникаларды, курулуш жабдууларын жана башка жүктөрдү өткөрүү үчүн убактылуу жол уюштуруу маселеси да көтөрүлдү.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты, транспорттук-логистикалык байланыштарды жана башка багыттардагы өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөө боюнча биргелешип иш алып барууга даяр экенин билдиришти.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X